“КИНДИК КАНЫҢ ТАМГАН ЖЕРГЕ МАҢДАЙ ТЕРДИ АГЫЗЫП КЫЗМАТ КЫЛУУГА МИЛДЕТТҮҮБҮЗ”-ДЕЙТ ЭКЕН КАЗАКТЫН АГАРТУУЧУЛАРЫ
- 26.05.2026
- 0
Кыргыз-казак агартуучуларынын Бишкек жана Алматы шаарларындагы алгылыктуу тажрыйба алмашуу сапарынан
«Үйүңдү көргүң келсе, сыртка чык» дейт накыл кеп. Адам баласы өз өлкөсүнөн сыртка чыкканда гана мекендин кадыр-баркын, анын артыкчылыктары менен толуктала элек кемчиликтерин терең аңдап билип, зор тажрыйба топтоп кайтат экен. Жакында Бишкек шаарындагы заманбап “Билим Жолу” жалпы билим берүү уюмунун мугалимдер жамааты коңшу Казакстандын Алматы шаарына иш сапары менен барып, билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышып, зор руханий азык алып кайтты.

Биз эмгектенген “Билим Жолу” жеке мектебинин өзгөчөлүгү — окутуу толугу менен эне тилибизде, кыргыз тилинде жүргүзүлгөндүгүндө. Мектепте окуучулардын санынын аздыгы ар бир балага жекече көңүл бурууга, ал эми заманбап жабдылган компьютердик класс, китепкана, спорт зал жана таза ашкана сыяктуу шарттар билим сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Мектептин башталгыч классынын мугалими жана окуу бөлүм башчысы Ира Надырбековна Шоңкоева белгилегендей, 2025-2026-окуу жылында билим сапатын жакшыртуу максатында КРнын эмгек сиңирген мугалими, Педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Маматкулович Мадаминов жана Гүлсара Мадаминова менен тыгыз эмгек кызматташтыгы түзүлүп, алгылыктуу иштер жүрдү. Бир жыл ичинде мугалимдер үчүн жума сайын устаттык чеберчиликти арттыруучу методикалык окуулар уюштурулуп, агайдын “Акыл эмгегинин маданияты методу (АЭМ)”, “АЖППОК схемасы менен балдарды өз алдынча изденип окууга үйрөтүү”, “Өзүн-өзү тарбиялоо ыкмалары”, “Ата-энелер мектебин уюштуруу жолдору” жана “Үй-бүлөлүк китепкана түзүүнүн маанилүүлүгү” сыяктуу уникалдуу методдорун практикада колдонууга жетиштик. Билим берүүдө “АЭМ методу” чынында эффективдүү экенин көрсөттү, анткени бул ыкмада окуучу сабакка жөн гана угуп отурбай, өзү изденип, ойлонуп, талкуулап билим алуу процессине активдүү катышат. Мугалим көбүнчө багыт берүүчү гана болот. Ата-энелер жана окуучулар арасында өтүлгөн китепти бат окуп түшүнүү, АЖППОК конкурстары өз жемишин берди.
Бул кызматташтыктын алкагында Гапыр агайдын китептер топтомун окуп, агартуучулар арасындагы китеп окуу жарышында 1-орунду ээлеген биздин мугалимдер Казакстандын “Bilimger school” мектеп жамааты жана Педагогикалык Академиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, өз ара тажрыйба алмашып кайттык.

Эки элдин педагогикалык кызматташуусу 2023-жылы казакстандык Саят Ибраимов жетектеген Алматыдагы Пед.Академия жамааты Гапыр агайыбыздан сабак алып кеткен учурдан бери уланып келет. Устаттын сыйы менен шакирттери кадыр-барктуу конок болуп, Абай атындагы педагогикалык кадрларды даярдаган жогорку окуу жайдын тарыхы жана окуу процесси менен да тааныша алдык.
Бул сапар кыргызстандык агартуучулардын жүрөгүндө терең из калтырып, жаңы идеяларга байытты. Мектептин окуу бөлүм башчысы Жыпара Туйтанова Шадыбекова өз таасирлери менен бөлүшүп: “Методистибиз Гүлсара Мадаминованын демилгеси жана мектеп жетекчиси Венера Орозбаеванын колдоосу аркылуу Алматы шаарына барып келдик. “Билимгер” мектебинин заманбап шарттары, мугалимдердин ынтымагы жана окуучулардын активдүүлүгү өзгөчө таасир калтырды. Бизди эң көп таасирленткен көрүнүш мектепте улуттук баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурулгандыгы болду. Мектеп директору Анвар мырза улуттук маданиятын сыймыктануу менен тааныштырып жатты. Саят мырза жетектеген академияда жаштарды студент кезинен мугалимдик кесипке багытташары байкалды. Бул сапар бизге өз элибиздин тарыхын, улуу инсандарынын өмүр жолун билүү канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу сездирди. Жаш муунга тарбия берүүдө “Өзүн-өзү тарбиялоо”, “Инсан таануу”, ата-энелерге “Дасторкон четин университетке айлантууну” үйрөткөн жаңы сабактарды окуу программасына сөзсүз киргизүү керек экен. Арабызда жүргөн агартуучу Гапыр Мадаминов агайыбыздын окутуу усулдарынын кадырын казак мугалимдери билгенчелик баалап биле элегибизге ойлонуп кайттык”, — деп билдирди.
Информатика мугалими Нургүл Ишенбековна Орузбаева да шаардын тазалыгына, окуучулардын патриоттук сезимине суктанганын айтып, алдыда интерактивдүү оюндарды, санариптик платформаларды колдонуу аркылуу окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жана патриоттук сезимин арттырууну пландап жатканын кошумчалады. Тарых, адам жана коом мугалими Бегай Азыкбековна Копшокова бул сапар жүрөгүндөгү Ата Мекенге болгон сүйүүнү, патриоттук сезимди ойготуп, кыргыз элинин басып өткөн тарыхын тереңден изилдеп окууга дем бергенин белгиледи.
Чет тил мугалими Кубатбек Нурманбет уулу казак туугандардын улуттук баалуулуктарга берген маанисине токтолду: “Алардын «Киндик кан тамган жериңе, маңдайыңдын тери тамыш керек» деген сыяктуу өздөрүнөн чыккан улуу инсандардын сөздөрү менен балдарды мекенчилдикке тарбиялоосу, эне тилинде таза сүйлөөсү мени аябай таасирлентти. Бул мени бизден чыккан Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов өңдүү мыкты инсандарыбызды дагы да кадырлап, алардын баалуу сөздөрүн кийинки урпактарга жеткиришибиз керек деген ойдо калтырды. «Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт». Казак туугандарыбыз мугалимдерди абдан сыйлашат экен, өзгөчө биздин белгилүү агайыбыз Гапыр Мадаминовту “Кыргыздын Сухомлинскийи” деп кадырлашат экен. Агайдын аркасы менен биз дагы сый көрүп келдик. Мыкты инсандарыбызды көзү тирүүсүндө сыйлап, илиминен пайдаланып калалы”.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлайым Токтосунова бул сапарды “келечекке болгон жаңы кадам, билимге болгон жаңы көз караш” деп атап, сабакта заманбап технологияларды колдонуу, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана окуучунун жеке жөндөмүн ачууга шарт түзүү канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу аңдашканын айтты. Ал эми география мугалими Мээрим Кенжебаева Саят агай менен болгон маектешүү абдан таасирдүү өткөнүн, анын: «Ар бир адамдын ичинде коом, улут үчүн тынчсыздануусу болушу керек жана ал убайымды башкаларга да жеткириши зарыл», — деген сөздөрү жүрөгүндө бекем сакталып калганын билдирди.
Англис тили мугалими Каныкей Саматбековна Карыпова “Билимгер” мектебинде көрсөтүлгөн ачык сабактар, окуучулардын өзүн эркин алып жүрүүсү, ойлорун так жеткире алуу жөндөмдүүлүгү жана мектептин инновациялык жабдуулары абдан көңүлүнө толгонун, мугалимдер үчүн ушундай билим сапарлары көп уюштурулуп турушу керектигин айтты. Тарбия иштери боюнча жооптуу кызматкер Ислам Нурбекович Абдылдаев болсо: “Бул сапар жүрөгүмдө терең из калтырды. Ал жактагы жаштардын мекенине болгон сүйүүсүн көрүп, менин дагы мекениме болгон сүйүү сезимим өзгөчө күчөдү. Эң негизгиси — адам таануунун маанилүүлүгүн сездим. Бул тажрыйба мага келечекте дагы ачык жүрөк менен өз элиме ак дилден кызмат кылуума күч-кубат берет”, — деп жыйынтыктады.

Жолугушуулар учурунда эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосунда кызматташууну күчөтүү, тажрыйба алмашуу жана келечекте меморандум түзүү боюнча жакшы ойлор айтылды. Сапардын соңунда кыргыз агартуучулары казак туугандарыбыздын меймандостугуна терең ыраазычылык билдирип, аларды өз мектебибизге конокко чакырышты. Бул иш сапар эки элдин достугун бекемдеп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот деген ишенимдебиз.
Комментарийлер