МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ УЛУТТУК ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНЕ БАРДЫ
- 07.12.2020
- 0
Өткөн жумада Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык мектеп-лицейине барды.
Министр мугалимдердин онлайн сабактарды өтүүдөгү жетишкендиктери менен жакындан таанышты. Ошондой эле мугалимдер менен кеңири пикир алышып, заманбап билимдин маселелери, алдыдагы максаттар туурасында аңгемелешти.
Ал эми мектеп-лицейинин директору Муратбек Касымалиев кандай этаптар менен санариптик технологияны окуу процессине киргизишкендиги туурасында маалымат берди.
Мындан сырткары министр мектептин музейинде болуп, тарыхый маанидеги китепчесинде өзүнүн кол жазмасын калтырды.
Бөлүшүү
Комментарийлер