МИНИСТР ОШМУНУН СТУДЕНТИ ТАРТКАН СҮРӨТТҮ САТЫП АЛДЫ
- 29.05.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОШМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде болду.
Министр колледждин жамааты менен жолугуп, студенттердин эмгектери жана ийгиликтери коюлган көргөзмө менен таанышып, пейжаз жанрындагы тарткан эмгегин министр сатып алды. Студенттердин иш- аракеттерине жогору баа берди. Андан сырткары дизайн адистигинде билим алган студенттери тарабынан даярдалган улуттук кийимдердин көргөзмөсүнө күбө болуп, колледжин материалдык техникалык базасы менен таанышты.
Индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору Олжобай Шайымкулов окуу жайда аткарылып жаткан иштер жана алдыда жасала турчу максаттар боюнча презентация жасады.
- Биз сиздерди Кыргызстандагы эң ийгиликтүү педагогикалык багыттагы индустриалдык колледж деп эсептейбиз. Чындыгында, ошондойсуңар. Ысык-Көлдө өтүүчү иш-чарага барып, башка колледждерге да көрсөтүп, үйрөтүп беришиңиздерди күтөбүз. Ар дайым ОШМУга кубануу менен келем, ар келген сайын жаңы жаңылыктар менен күтүп алат”- деди министр.
Учурда колледж 25 мектеп, он балдар бакча, жыйырма айыл өкмөт, беш социалдык коргоо башкармалыгы, беш социалдык фонд, он тигүү цехи, сегиз мамлекеттик ишкана менен кызматташат.
Комментарийлер