МИНИСТР НАРЫНДЫКТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
- 25.04.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Лира Самыкбаева Нарын облусунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан
Жунушалиева, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, мугалимдер, бала бакча жетекчилери жана окуучулардын ата-энелери катышты.
Д.Кендирбаева “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагындагы алдыдагы пландар тууралуу маалымат берип, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Мугалимдер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна кеңири жооп алышты. Жолугушуунун алкагында министр айым жеке жарандарды да кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн угуп, айрымдарын жеринен чечти. Ошондой эле, аймактагы авариялык абалдагы мектептердин абалы менен жеринде таанышып, тийиштүү тапшырмаларды берди.
Министрдин катышуусунда мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында облустук прокуратура менен биргеликте атайын жыйын өткөрүлдү.
Ал эми Л.Самыкбаева билим берүү тармагын санариптештирүү, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берип, агартуучулардын суроолоруна жооп берди.
Комментарийлер