МИНИСТР КУПЕШЕВ СУУСАМЫР өРөөНүНДөГү МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

  • 09.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев республикадагы билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышуу, педагогикалык жамаат менен жолугуу, көйгөйлүү маселелерди жеринен чечүүгө көмөктөшүү, министрлик тарабынан кыска мөөнөттө аткарыла турган иштерди жана милдеттерди аныктоо максатында өлкө аймактарын кыдырууну улантууда.

МИНИСТР КУПЕШЕВ СУУСАМЫР өРөөНүНДөГү МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫБүгүн, 9-июнда министр Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерди кыдырып, педагогикалык жамаат менен жолугушту. Мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси соңку 20 жылдан бери Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерге басып келбегенин белгилешип, министрдин Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында атайын убакыт бөлүп, Суусамырдын мектептерине кайрылганы үчүн жетине албай турушканын айтып, ыраазычылык билдиришти.

Министр мектептердин абалы менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. Директорлор мектептерде компьютерлер жетишсиз экенин, англис тили мугалими жоктугун айтып, ушул маселелерди жакын арада чечип берүүнү суранышты.

МИНИСТР КУПЕШЕВ СУУСАМЫР өРөөНүНДөГү МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

«Билим берүү системасын өнүктүрүүнү элет жергесинен баштайлы деп жатабыз, анткени элибиздин көпчүлүгү айыл жергесинде жашайт. Айыл өнүксө, аймак өнүгөт, аймак өнүксө, өлкө өнүгөт деген ишеним бар. Билим берүү тармагына келип жаткан инвестициялардын баарын кайра карап чыгабыз, басымдуу бөлүгүн аймактардагы билим берүү уюмдарына бурабыз. Кудай буюрса, быйылкы окуу жылында Суусамырдагы мектептерди жетиштүү санда компьютерлер менен камсыздап беребиз. Англис тили мугалими менен камсыздоо маселесин да чечип беребиз», — деди министр.

МИНИСТР КУПЕШЕВ СУУСАМЫР өРөөНүНДөГү МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Ошондой эле ал климаттык шарты катаал өрөөндө жашап, иштеп, келечек муунга татыктуу билим берип жатышканы үчүн мугалимдерге алкыш айтып, министрлик ар тараптан көмөктөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер