МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 05.04.2023
  • 0

5-апрелде Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, — Кеңсе жетекчиси Навид Хасан Накви жана билим берүү адиси Гүлмира Султанова менен жолугушту.

МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

Тараптар учурдагы долбоорлордун алкагында колдоо көрсөтүү багыттарын жана билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Белгилесек, Дүйнөлүк банк «Келечек үчүн билим» (2020-2025-жж.) жана «Окутуу негиздерин бекемдөө» (2021-2025-жж.) долбоорлорун каржылайт. Буга чейин эл аралык каржы уюму “Айылдык билим берүү” (2005-2011-жж.), “Билим берүү бардыгы үчүн-1, 2” (2007-2010, 2011-2013-жж.), “READ” (2013-2014-жж.), «Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо» (2014-2019-жж.) жана «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» (2014-2018-жж.) долбоорлорун ишке ашырууга колдоо көрсөткөн.

МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер