МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КЫДЫРУУДА

  • 17.09.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев аймактарга жасалган иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы билим берүү уюмдарын кыдырып, иш-чараларга катышып, жолугушууларды өткөрүүдө.

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КЫДЫРУУДА

Бүгүн эртең менен министр Жалал-Абад шаарындагы Кадыр Закиров атындагы №2 орто мектептин спорт залынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү. Б. Купешев мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы, ошондой эле жаңы спорт залдуу болушу менен куттуктап, аларга иштеги, окуудагы жана спорттогу жетишкендиктерди каалады.

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КЫДЫРУУДА

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Осмонова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Адилбек Жоробаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, сөз сүйлөштү.

Белгилей кетсек, аталган мектептин спорт залынын курулушу 2015-жылы башталган. Курулуш иштерин аягына чыгаруу үчүн быйыл жергиликтүү бюджеттен 7,5 млн сомдой каражат сарпталган.

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КЫДЫРУУДА

Ушул тапта бул мектепте 2 миңдей окуучу билим алууда.

Спорт залдын ачылышына арналган аземден кийин Б. Купешев мектептердин директорлору жана окутуучулар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Иш-чара Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун мектеп директорлору жана ЖАМУнун окутуучулары катышышты.

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КЫДЫРУУДА

Жолугушууда облустун аймагында негизги көйгөй эскилиги жеткен авариялык абалдагы мектептер экендиги айтылды. Андан тышкары мектеп директорлору мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган окуучуларга жогорку окуу жайга кабыл алууда артыкчылыктар же жеңилдиктер берилбей жатканына көңүл буруп коюуну суранышты. Ага улай мектептеги ата-энелер фонду жөнүндө да суроолор узатылды.

Министр билим гана өлкөнү дүйнөгө таанытарын, ал үчүн мугалимдер татыктуу, күчтүү билим берүүнү камсыз кылуусу керектигин, жогорудагы көйгөйлөр атайын протоколго жазылып жатканын, жазылып эле калбай, аларды чечүүгө аракет кыларын айтты. Өлкөдөгү пандемиялык шартка карабастан окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берген эже-агайларды баатырга теңеп, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн биргеликте аракет көрүүгө чакырды. “Силер ынтымактуу болуп, бизди колдоп турсаңар, көп ийгиликтерди жаратабыз”, – деди ал.

Министрдин андан аркы сапары Базар-Коргон районунда улантылды. Б. Купешев аталган райондогу М. Алыкулов атындагы №11 мектеп-гимназиянын эмгек жамааты менен жолугушту. Жолугушууда мектеп-гимназия компьютердик класска муктаж экендиги айтылды. Министр бул маселеден кабардар экенин айтып, жакынкы мезгилде мектептин компьютердик классы жаңы компьютердик техникалар менен камсыз кылынарын убада кылды. Мугалимдер мектептеги көйгөйлөр менен жеринен таанышып жатканы үчүн министрликтин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Бүгүнкү күндө аталган мектепте 2180 окуучу билим алууда, аларды 94 мугалим окутууда.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер