МИНИСТР БАТКЕНДЕ

  • 21.05.2021
  • 0

Болотбек Купешев министр катары алгачкы иш сапарын Баткен  облусунан баштады.

20-майда ал Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы мектепке барды. Мугалимдер менен баарлашуу учурунда чек ара аймагында жашаган элдин көйгөйлөрү көңүл чордонунда экендигин баса белгиледи.

— Кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы соңку куралдуу кагылышуунун кесепеттерин жоюу үчүн Министрлер кабинети комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат. Айрыкча, чек ара аймактарында жашаган элдин социалдык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.  Кыргызстандын эли, анын ичинде, мугалимдер мурда болуп көрбөгөндөй ынтымагын, биримдигин көрсөтүшкөнү үчүн баарыңыздарга таазим этип, терең ыраазычылыгымды билдирем, — деди.

МИНИСТР БАТКЕНДЕ МИНИСТР БАТКЕНДЕ

Б.Купешев иш сапарынын алкагында Баткен районунан кийин Лейлек районундагы Кулунду, Максат айылдарындагы мектептерде болуп, ошондой эле учурдагы кырдаал менен таанышты.

Министрдин Түштүк жергесиндеги сапары эртең дагы уланмакчы.

Өз кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер