«МИГРАЦИЯНЫН АЯЛДАР ТАРАБЫ. ТОБОКЕЛДИКТЕРИ ЖОК ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫ”

  • 07.10.2021
  • 0

2021-жылдын 1-октябрында Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын колдоосу менен «Мекеним Ала-Тоо» орус-кыргыз өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү борбору региондук коомдук уюму «Миграциянын аялдар тарабы. Тобокелдиктери жок эмгек миграциясы» деген IV Эл аралык конференцияны өткөрдү.

«МИГРАЦИЯНЫН АЯЛДАР ТАРАБЫ. ТОБОКЕЛДИКТЕРИ ЖОК ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫ”Конференциянын жүрүшүндө миграция процессинин учурунда айымдардын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылууга көмөктөшүүчү саясаттын маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышуу болуп өттү.«МИГРАЦИЯНЫН АЯЛДАР ТАРАБЫ. ТОБОКЕЛДИКТЕРИ ЖОК ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫ”Конференциянын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун координатору Чынара Абдыраимакунова сөз сүйлөдү, ал фонддун иши жөнүндө, анын ичинде китеп чыгаруу иши жөнүндө презентация жасады жана айтып берди, чыгарылган китептерди көрсөттү. Мындан тышкары, Чынара Тургунбековна фонддун уюштуруучусу Р.И.Отунбаеванын атынан эстелик белектерди тапшырды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер