МЕЗГИЛ СЫНАГЫНДА ТАТЫКТУУ КЕСИП ТАНДОО ОҢОЙ ЭМЕС

  • 27.03.2019
  • 0

Бүгүнкү күндүн негизги талабы – заманбап коомду түзүү же илим жана техниканын өсүү тенденциясын ийгиликтүү пайдалануу менен эмгек рыногунун суроо-талаптарынын актуалдуулугун эске алып, активдүү, пайдалуу коомду калыптандырууну шарттоо.

МЕЗГИЛ СЫНАГЫНДА ТАТЫКТУУ КЕСИП ТАНДОО ОҢОЙ ЭМЕС

Өлкө президенти С.Ш.Жээнбеков да ушул багытты өнүктүрүү жана ар тараптуу колдоо тилегин, 2019-жылдын 30-январындагы Коопсуздук кеңешмесинин жыйынында так белгиледи.  Кен иштетүү багытындагы бир топ маанилүү көйгөйлөрдү ачык белгилеп, ал төмөнкүлөргө өзгөчө токтолду:

  • Жоопкерчиликтүү, так иш алып барган жакшы инвесторлор бар, бирок аларды биздин коррупцияга матырылган чиновниктер үркүтөт. Инвесторлор коррупционерлер менен байланышып, аброюн төмөндөткүсү келбейт.  Кен иштетүүчү кампаниялар жергиликтүү башкаруу органдары менен бирдикте иш алып баруулары керек жана дагы мыкты тоо-кен багытындагы адистерди даярдоону уюштуруу керек,  – деп белгиледи.

Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектисинин № 50 дарегинде жайгашкан Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжинин негиздөөчүлөрү жана  эмгек жамааты ушул багытта алгылыктуу иш алып барып жаткандыгын белгилөө керек.

МЕЗГИЛ СЫНАГЫНДА ТАТЫКТУУ КЕСИП ТАНДОО ОҢОЙ ЭМЕС

Кыскача маалымат берсек: Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжи 2009-жылы түзүлүп, тоо-кен багытындагы орто кесиптик адистерди даярдап келүүдө.

Президентибиздин саясаты жана коомдун талабы колледждин миссиясында ачык чагылдырылган: Аймактардын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү максатында нравалык-маданий сапаттары бийик, тоо-кен өндүрүшүндө атаандаштыкка жөндөмдүү жана тоо-кен тармагындагы маанилүү технологиялык маселелерди чечүүгө шыктуу адистерди даярдоо”.

Көрсөтүлгөн миссиянын талаптарын аткарууда колледжде окуучулар билим алып жана  мугалимдер жумуш орду менен камсыз болуп келет.  Мугалимдер жамааты “КР Билим берүүсүнүн мыктысы”, “Ардактуу геолог”, “Ардактуу кенчи”, “Билимдин саяпкери” сыяктуу ардактуу наамдарга ээ жана физика-математика илимдеринин доктору,  тарых, философия, техника илимдеринин кандидаттары сыяктуу илимий даражалуу педагогикалык тутумдан түзүлгөн.

МЕЗГИЛ СЫНАГЫНДА ТАТЫКТУУ КЕСИП ТАНДОО ОҢОЙ ЭМЕС

Колледждин бүтүрүүчүлөрүн жумуш орду менен камсыз кылуу да өз деңгээлинде тартипке салынган, б.а. колледж бир нече тоо-кен багытындагы ишканалар менен келишим түзүп,  социалдык өнөктөштүктө иш алып барууда. Компаниялардын басымдуу бөлүгү Кыргыз – Кытай биргелешкен ишканалары: «Куранды Девелопинг» ЖЧКсы, «Эгиз –Төр Девелопинг» ЖЧКсы, «Ли Да Макмал Майнинг» ЖЧКсы,  «Сары-Джаз Минерал Майнинг Компани» ЖЧКсы, “Түндүк Жээк” ЖЧКсы сыяктуу ишканалар менен узак мөөнөттүк келишим түзүлгөн. Бул ишканаларда биздин студенттер үчүн окуу, өндүрүштүк практикаларын өткөрүү менен, мыкты кесипкөйлүгүн далилдеген студенттер андан ары эмгек ишмердүүлүгүн уланта алышат. Бул багытта «Куранды Девелопинг» ЖЧКсынын генералдык директору Жээналиев Максат Субанбекович, ишкана менен колледж ортосундагы тыгыз байланышты жогорку деңгээлде алып барууда. Студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында артыкчылык менен окуган жана республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга катышкан студенттерге акчалай сыйлыктарды уюштуруп, кен байлыктар жана тоо-кен ишканалары жайгашкан аймактардын тургундарынын окууга төлөнүүчү акча каражаттарына 45 пайыздык жеңилдик берүү менен колледжде окутат.

Студенттер жогорку билимдүү адистик алуусу үчүн бир канча мекенибиздеги жана чет элдик жогорку окуу жайлары менен да келишимдер түзүлгөн.   Алар Россия Федерациясынын Урал мамлекеттик тоо-кен университети,  Братск  мамлекеттик университети, Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университети жана өлкөбүздөгү бир катар ЖОЖдор.

Түзүлгөн келишимдердин негизинде колледжди аяктаган студенттер бул окуу жайларда бюджеттик негизде, стипендия жана жатакана менен камсыз болуп билимин уланта алышат жана илимий изилдөө ишмердүүлүктөрүн ийгиликтүү жүргүзүүгө жолдомого ээ болушат.

Колледжде тоо-кен багытындагы кошумча окутуу курстары да жөнгө салынган. Аларда жылына колледждин бүтүрүүчү курстары жана тоо-кен ишканаларында иштеген адистер кошумча билим алууга шарт түзүлгөн.

МЕЗГИЛ СЫНАГЫНДА ТАТЫКТУУ КЕСИП ТАНДОО ОҢОЙ ЭМЕС

Окутуу процессинде заманбап технологиялар ийгиликтүү колдонулат. Окуу аудиториялары видеопроекторлор, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, электрондук китепканалар, заманбап лабораториялар менен камсыз болгон. Азыркы учурда колледж инвесторлордун колдоосу менен жеке заманбап окуу корпусун куруп жатат. Келечекте мыкты пландарды ишке ашырууну максат кылып иш алып баруудабыз.

Чолпон Жээналиева, Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжинин директору

Бөлүшүү

Комментарийлер