МЕНИН ЖАЙКЫ КАНИКУЛУМ — КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

  • 27.06.2024
  • 0

Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы  китепканада балдар үчүн жайкы лагерь уюштурулду.

МЕНИН ЖАЙКЫ КАНИКУЛУМ - КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТМЕНИН ЖАЙКЫ КАНИКУЛУМ - КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

Маалыматка ылайык, лагерде балдардын интеллектуалдык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө шарт түзүү менен көркөм окуулар, кыргыздын улуттук оюндары боюнча маалымат берилип, мындан тышкары сүрөт тартуу, түр кагаздан оригами, чебер колдор арасында мастер- класстар көрсөтүлүп турат.

МЕНИН ЖАЙКЫ КАНИКУЛУМ - КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТМЕНИН ЖАЙКЫ КАНИКУЛУМ - КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

Соңунда жомоктор дүйнөсүнө саякаттап, балдар үчүн уюштурулган куурчак ийриминин катышуучулары менен бирдикте жомок коюлуп турат.

Жайкы каникулга тараган өспүрүмдөр үчүн убактыларын пайдалуу өткөрүүгө арналган лагерде балдар иш күндөрү келип китеп окуп, ойноп эс алып кетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Бул лагерде  өспүрүмдөрдү кабыл алып, күнүгө  иш алып барылат.  Акысыз жана  чектөөлөр  жок.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер