«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНДИГИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

  • 09.03.2020
  • 0

Быйлкы региондорду өнүктүрүү, өлкөнү  санариптештирүү  жана балдарды колдоо жылында, Улуу Ата-Мекендик  согуштун Жеңишинин  75 жылдыгына арналган «Мен Кыргызстандык  экендигиме сыймыктанам!» атуу Эл аралык  ыр, бий сынагынын облустук этабы 2020-жылдын 5-мартында Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн  маданият үйүндө жана  №139 орто мектептин базасында жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

Сынакка райондук турдан жеңүүчү деп табылган 72 таланттуу окуучулар жаш курагы боюнча үч жанрда: Ырдоо, улуттук музыкалык  аспапта ойноо, улуттук жекече бий сынактары боюнча күч сынашты. Сынактын салтанаттуу ачылышында «Балажан» республикалык ЭТБОУБнын директору, Кыргызстандагы ЮНЕСКО клубдарынын ассоциациясынын Президенти Мусина Дария Сапарбековна, Ош  облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Назаров Рахманберди Найманович, Кара-Суу райондук БББнүн  башчысы  Машрапова Гүлай Эгемназаровналар окуучуларды куттукташып, ийгиликтерди каалашты. Бул сынакта төмөндөгү 9 окуучу жеңүүчү деп  табылып, сынактын  республикалык этабына жолдомо алышты.

7-11 жаш куратагылар арасынан  1-орунга Маматалиева Бибигүл Өзгөн району, 12-14 жаш курактагылар арасынан 1-орунга  Акылбек  уулу Махмуд Ноокат району, 15-17 жаш курактагылар арасынан 1- орунга Алимбеков Нурислам Өзгөн району.

7-11 жаш курактагылар арасынан 1-орунга Асылбекова Нурсезим Алай району, 12-14- жаш  курактагылар  арасынан 1- орунга  Абдыкадырова Мадина Араван району, 15-17 жаш курактагылар арасынан 1-орунга Курбанбек уулу Илимбек Кара-Суу району

7-11 жаш  курактагылар  арасынан 1-орунга  Ниязова Айбийке  Өзгөн району, 12-14- жаш  курактагылар арасынан

1-орунга Таабалдиева Умсунай Өзгөн району, 15-17 жаш  курактагылар арасынан  1-орунга  Акматова Алтынай Алай району

Сынактын жеңүүчүлөрү жана катышуучуларына, 1-орунду алган жаш таланттарды даярдаган мугалимдери облустук  балдардын чыгармачылык  борборунун Диплом жана  кызыктыруучу белектери менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер