МЕКТЕПТЕГИ ЭМГЕК – АЙЫЛГА ПАЙДА, ОКУУЧУГА ТАРБИЯ
- 28.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча борбор тарабынан Баткен облусу Кадамжай районуна караштуу А.Темирбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде уюштулган “Жаш эколог-турист” ийриминин катышуучулары мектебибиздин айланасын көрктөндүрүү менен эле тим болбостон, күнөскана уюштуруп, киреше таап жатышат.
Мен ийрим жетекчиси катары мектептин аймагына күнөскана уюштуруу демилгесин колго алып, окуучулар менен биргеликте мектептин арт жагындагы бош жаткан жерди иштетүүгө кириштик. Эң биринчи ошол жерди сүрдүрүп, тегиздетип алдык. Андан кийин окуучулар менен бирге тазалап, казып, эгүүгө даярдадык. Ошол эле учурда күнөскана жасап, ишти ошол жактан баштадык. Бул ишти баштоодо демөөрчү издеп, 10 миң сом каражат таптык. Ал акчага керектүү нерселерди сатып алып, ишти уланттык. Мектептин директору да биздин демилгебизди колдоп, ар тараптуу жардамдарын берип, жол көрсөтүп турду. Андан кийин уруктарды септик. Помидор, болгар калемпири, карам жана салат жалбырактарын эгип, көчөттөрдү өстүрө баштадык. Көчөттөрдү кароо иштеринин баарын окуучулар менен бирге жасадык. Чөптөрүн отоо, сугаруу, жумшартуу сыяктуу иштердин баарын өз колубуз менен аткардык. Көчөттөр жакшы өсүп, сатууга жарактуу болгондо, айыл элине сунуштай баштадык. Окуучулар өздөрү өстүргөн көчөттөрдү мактап, жарнамалап, сатып жатышты. Помидордун көчөттөрүн бир даанасын бир сомдон саттык. Натыйжада айыл элин көчөт менен камсыздадык. Парниктен түшкөн акча мектептин керегине жарап жатат. Мындан тышкары, бышкан жашылчалардан салат жасап, окуучуларга беребиз, айрымдарын мектептин ашканасына өткөрүп, сатуу аркылуу да мектепке пайда келтирип жатабыз.
Учурда мектеп короосуна эгилген жашылчалар сонун болуп өсүп жатат, буюрса, бышкан соң аларды да сатып, киреше табууну пландап жатабыз. Күнөсканадагы орундар бошогондон кийин кечки бадыраң эгип көрсөкпү деген ойлорубуз да бар, анткени, бул ишти дагы улантып, көбүрөөк пайда алып келсек деген ниеттебиз. Менин оюмча, балдар ушинтип эмгек кылуу аркылуу турмушта колдончу көндүмдөрдү үйрөнүп, келечекте кыйналбай жашоого даяр болушат. Жыйынтыгында, “Жаш эколог-турист” ийриминин иши жөн гана теория эмес, чыныгы эмгек менен коштолгон, пайдалуу жана үлгүлүү иш болуп калды.
Каныкей МУРЗАЕВА,
Баткен облусунун Кадамжай районундагы
А.Темирбаев атындагы мектептин мугалими.





Комментарийлер