МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАРАГЫ АЧЫЛДЫ

  • 01.09.2025
  • 0

1-сентябрь 2025-жыл – билим берүү тарыхында өзгөчө күн. Ушул күнү билим берүү системасы түп тамырынан өзгөрүп 12 жылдык билим алууга алгачкы кадамын таштады. Бул жыл өзгөрүүнүн, жаңылануунун жана өнүгүүнүн жылы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашуун мектеп окуучуларына 90 миңден ашык мугалим билим берет. 2025-2026-окуу жылында  63 жаңы мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилди.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАРАГЫ АЧЫЛДЫ

Эгемендиктен бери биринчи жолу масштабдуу реформа

— Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылында биз биринчи жолу билим берүү тармагында системалуу жана масштабдуу реформаларга бардык. Ондогон жылдар бою Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруу жаатында бирдиктүү саясат, туруктуу каржылоо болгон эмес. Окуу китептери чачыранды түрдө – жылына бир-эки аталыштан, көбүнчө эл аралык долбоорлордун эсебинен жарык көрүп келген. Башталгыч, орто же жогорку мектеп үчүн окуу китептеринин топтому бизде эч качан болгон эмес. Бүгүн абал өзгөрдү. Өлкөбүздүн Президентинин тапшырмасы менен биринчи жолу жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө басып чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. Биринчи жолу биз быйылкы жылдан тартып жаңыланган программалар жана жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окуй турган 1-2- жана 5-7-класстар үчүн окуу китептеринин толук топтомдорун чыгарып жатабыз. 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери чыкты, математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептерин чыгаруу иши аяктап жатат. Үч жылдан кийин Кыргызстандын бардык окуучулары окуу китептери менен толук камсыз болушат, — деди агартуу министри Билим күнүнө карата жасаган кайрылуусунда.

Эмнелер өзгөрдү?

Жаңы окуу жылынан баштап  мектептерде окутуу жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар жана программалар дагы жаңыланды.

— Эгемендүүлүктүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн бардык мектептерине жаңы муундагы окуу китептери массалык түрдө жеткирилүүдө. Кыска мөөнөттө масштабдуу даярдыктар көрүлдү: он миңдеген педагогдор жаңы шарттарда ишенимдүү иштөө үчүн тренингдерден жана семинарлардан өтүштү. Мугалимдерге методикалык санариптик колдоо көрсөтүлүп, алардын арасында 27 миңден ашуун “Алтын Казык” ноутбуктары бөлүштүрүлдү, дагы ушунча ноутбук башка мугалимдерге жыл ичинде берилет, — деди министр.

Санарип платформалар

Мугалимдерге жана ата-энелерге окутуу процессин жакшыраак көзөмөлдөөгө жардам бере турган электрондук күндөлүктөр жана санариптик платформалар түзүлдү. Өлкө боюнча мектептерди оңдоо жана куруу боюнча чоң иш жүргүзүлүп, окуу жылынын башталышына карата 63 жаңы мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилди.

— Бул темп сакталат, дагы бир катар мектептер курулууда, мунун баары балдар коопсуз жана жагымдуу шарттарда окушу үчүн жасалууда. Мамлекет ар бир баланын өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн биринчи жолу окуу китептерине, санариптештирүүгө жана кадрларды даярдоого болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп берди. 90 миңден ашуун мугалим кайра даярдоонун жана окутуунун эсебинен кесиптик жаңылоонун катышуучусу болуп калды, бүгүн алар формалдуу көрсөткүчтөргө эмес, баланын жыйынтыгына багытталган жаңы методикаларды колдонууга даяр. Мектептер окуу-методикалык материалдар менен камсыз болушту, ал эми ата-энелер өз балдарынын жөндөмүн ачууга жардам берип, билим берүү процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн алып жатышат, — дейт Д.Кендирбаева.

2025–2026-окуу жылына карата 1- жана 2-класстарга кабыл алуу үчүн аймактык бөлүмдөр тарабынан жалпы 307 миңден ашык орун бөлүнгөн.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер