МЕКТЕПТЕРГЕ ПСИХОЛОГДУН КЫЗМАТ ОРДУ КИРЕТ
- 31.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 “Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр өсүп келе жаткан муундун психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына психолог кызмат орду киргизилди. Психологдун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша белгиленет: 100дөн 275ке чейин окуучусу бар билим берүү уюмдары үчүн – 0,25 штаттык бирдик, 276дан 550гө чейин – 0,5 штаттык бирдик, 551 жана андан көп окуучусу бар билим берүү уюмдары үчүн – 1 штаттык бирдик каралган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
А.К., «КБ»
Комментарийлер