МЕКТЕПТЕРДЕ ИНКЛЮЗИВДҮҮ ЧӨЙРӨНҮ ТҮЗҮҮ — МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 13.01.2023
  • 0

Азыркы мектеп реформасынын эң башкы талабы билим берүүнүн мазмунун заманга шайкеш жаңылоо, жакшыртуу, модернизациялоо болуп саналат. Ушуга ылайык инклюзивдүү билим берүүнүн принциптери да түп-тамырынан өзгөрүүгө тийиш.

МЕКТЕПТЕРДЕ ИНКЛЮЗИВДҮҮ ЧӨЙРӨНҮ ТҮЗҮҮ — МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Инклюзивдүү билим берүү бардык окуучулардын ар кандай билим алуу муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аларга билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп эсептелерин белгилеп, бүгүнкү маанилүү сөздү баштайлы. Инклюзивдүү билим берүү тууралуу пикирлер көптөн бери айтылып жүргөнү менен ал тууралуу талкуунун аягына азырынча чекит коюла элек.

Чет өлкөлүк изилдөөчү Моника Портер инклюзивдүү билим берүүнү «ар бир адамдын жынысына, жашына, тегине, улутуна жана маданиятына карабастан эмнеге муктаж экендигин түшүнүүгө аракет кылат», ошондуктан ал «ар бир окуучунун айырмачылыктарын эске алган жана алардын бардыгына билимдин минималдуу деңгээлине жетүүгө жардам бергенге аракет кылган чыныгы акыйкат система», » теңчиликке жетишүүгө багытталган ийкемдүү билим берүү модели» катары баалап, инклюзивдүү билим берүүнүн көңүл борборунда «ар кандай азчылыктардын түрлөрү, майыптар же экономикалык ресурстары аз үй-бүлө мүчөлөрү бар» экенин айтса, ЮНЕСКО кабыл алган маанилүү чечимдерде инклюзивдүү билим берүү, «… билим берүүдөн четтетүүнү азайтуу аркылуу бардык студенттердин муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн аныктоо жана жооп берүү процесси», «бул айырмачылыкка жана ар түрдүүлүккө негизделген билим берүүнүн жолу» катары мүнөздөлөт.

Ошентип, инклюзивдүү билим берүү идеясы бизге Батыштан келди. Ал жакта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу боюнча бир топ тажрыйба бар экени талашсыз.

АКШда инклюзивдүү окутуу боюнча ар бир штат өзүнчө мыйзам кабыл алат экен. Федералдык өкмөттүн мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар тууралуу мыйзамында, программаны финансылык каржылоо жагы толугу менен каралыптыр. Программада ар бир балага жекече мамиле жасоо белгиленген. Бизди бул программаны түзүүгө мугалимдер, ата-энелер, дарыгерлер бирдей деңгээлде катышканы таң калтырды, — деди бул тууралуу бизге АКШнын инклюзивдүү билим берүү тажрыйбасы менен таанышып келген агартуучу И. Садырбаев.

Кыргызстанда буга чейин мектептерде инклюзивдүү билим берүүнү жайылтуу боюнча бир канча аракеттер көрүлүп келгенине карабай, жалпы коомчулукка инклюзивдүү билим берүү идеялары түшүнүксүз бойдон калып келүүдө.

— Инклюзивдик билим берүү десе эле көпчүлүк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул кандайдыр бир себептер менен билим берүүдөн артта калып калган, ата-энеси мигрант болуп башка жактарга кетип калган балдар, же болбосо социалдык шарттардан улам жашоону оор кырдаалдарына туш болгон балдар, качкындардын, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Буларга өзгөчө билим керектөөлөрү талап кылынат. Ушундай абалдагы балдардын бардыгына өзгөчө көңүл буруп, шарттарды түзүп, кадимки билим берүү системасына кошууну – инклюзивдүү билим берүү деп айтабыз, — дейт Замира Жапарова.

Адистин ою боюнча инклюзивдүү билим берүүнүн негизги идеологиясы  бардык балдарды дискриминациялоону жоюу болуп саналат.

Кыргызстандык инклюзивдүү билим берүүнүн талапкерлери инклюзивдүү билим берүүдө бала үчүн жагымдуу инклюзивдүү чөйрөнү түзүү зор милдеттердин бири экенин айтып келишет. Инклюзивдүү чөйрө деген эмне? Ошого түшүнүк бере кетсек. Инклюзивдүү чөйрө –  бул ар кандай билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын өздөрүн ыңгайлуу сезип, билим берүү процессине толук катышуусу.  «Инклюзивдик чөйрөнү түзүү үчүн билим берүү уюму ар бир баланын атайын билим алуу муктаждыктарын эске алууга, сапаттуу билим алуу максаттарында бул муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга тийиш» деп айтылат 2019-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясында.

Мектептерде инклюзивдүү чөйрөнү түзүүдө  мугалимдерге багыт болуучу алгылыктуу идеяларды Моника Портердин изилдөө жыйынтыктарынан табууга болот.

Ал өз изилдөөсүндө «билим берүү артыкчылык эмес, ал баарынан мурун ар бир адамдын билим алуу укугу»,»бардык балдардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей болушу абзел», «билим берүү ар бир окуучуга ылайыкталган болууга милдеттүү», «окуудан четтеп калуу коркунучу бар окуучуларды коргоо керек» деген жыйынтыктарга келет.

Андан ары Моника Портер ушундай инклюзивдүү билим берүү принциптери менен башкарылган мектептер көбүнчө алардын күнүмдүк иш-аракетин жетектеген бир катар принциптерге негизделерин баяндайт:

— Бул мектептерде окуучулардын бардык типтерине, алардын өзгөчөлүктөрүнө жана жеке шарттарына карабастан, мектепке кирүүгө уруксат берилет.

— Жогорудагы принциптерди жетекчиликке алган мектептер билим деңгээлинде гана эмес, балдардын жашоосунун сапаты ар тараптан жогорулашын көздөшөт.

— Мугалимдер өзүлөрүн мастер-класстарда билимди берүүгө гана арнабастан, жетектөөчү жана колдоочу ролго ээ.

— Инклюзивдик билим берүүгө негизделген мектептер баланы өз алдынча трансформациялоого жетишкен автономдуу жана жөндөмдүү адам катары карашат.

— Студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгө жана ар башка ойлорду кабыл алуу менен, алардын өз ойлорун өөрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

— Мугалимдер студенттердин окуу жетишкендиктерине гана эмес, алардын жетишкендиктерине же жалпы жетишкендиктери сыяктуу факторлорго да баа бериши керек.

Моника Портер инклюзивдүү билим берүүнү жайылтууну көздөгөн мектептерге төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү сунуштайт:

Талкууларды өткөрүү

Инклюзивдүү билим берүүнүн фундаменталдык куралдарынын бири — бул талкуу, анткени алар студенттерге өз ойлорунан башкача идеяларды кабыл алууга жана башка студенттердин көз караштарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Жеке багыт

Көпчүлүк инклюзивдүү мектептерде, ага муктаж болгон студенттер, жашоосунун көйгөйлөрү көп болгон жерлерде аларга жардам берүү үчүн, жеке консультацияларды алышат. Адатта, бул милдетти кеңешчилер аткарышат.

Ачылыш аркылуу үйрөнүү

Инклюзивдүү мектептердеги студенттер дүйнөнү өздөрү таанып-билүүгө жана пайда болгон күмөн саноолорго өз жоопторунан издөөгө чакырылат.

Жогорудагы кеп-кеңештери үчүн Моника Портерге ыраазычылык билдирип, балдардын интеллектуалдык айырмачылыктары тууралуу башка изилдөөгө кайрыла кетсек. Адатта ар бир эле мектепте кайсыл бир себептерден улам окуу ишинен четте калган окуучулар бар. Алар сабакта жооп берсе да, жооп бербесе да, мугалимдер эптеп «3» коюп коюшат. Бирок көпчүлүгү баланын мындай абалынын төркүнүндө анын психо-физиологиялык өзгөчөлүктөрү жатканына көңүл бурушпайт. Нейропсихологдор адамдын мээси шарттуу түрдө үч бөлүктөн турарын: биринчи бөлүгү жакшы өнүкпөгөн балдардын иш жөндөмдүүлүгү төмөндүгүн, бат-бат чарчашын, экинчи бөлүгү начарлар тамга, сандарды чаташтыра берерин, үчүнчү бөлүк анчейин калыптанбагандар эрежелерди билгени менен жазууда, эсеп чыгарууда сөзсүз ката кетирерин айтып келишет.

Демек, инклюзивдүү билим берүүдө азырынча  мугалимдер көңүлгө алчу маселелер арбын экен.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер