МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН ФУТБОЛ ПРОГРАММАСЫ
- 26.08.2025
- 0
Өткөн жумада Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Кыргыз Футбол Биримдиги тарабынан Эл аралык футбол федерациясы менен (ФИФА) биргеликте уюштурган «Мектептер үчүн футбол» («Football for Schools») глобалдык программасынын алкагында өткөн семинар жана фестивалга катышты.
Семинар жана фестивалга ФИФА өкүлдөрү, программанын катышуучулары жана 200 жакын мектеп окуучулары да катышты. Бул долбоор алкагында атайын өлкөбүзгө келген футбол легендасы Христо Стоичков фестивалда балдар менен ойноп, мектеп мугалимдери менен практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Белгилесек, Кыргызстанда бул программанын алкагында мектептерге 3600 даана футбол тобу берилип, ФИФА инструкторлорунун катышуусунда улуттук жана аймактык семинарлар уюштурулат. Долбоорго өлкөнүн бардык облустарынан чогулган 43 мектебинин дене-тарбия мугалимдери катышып, тажрыйба алышты.
Программанын кийинки баскычында семинар жана фестивалдар аймактарда өткөрүлөт. Аталган этап ушул жылдын сентябрь жана октябрь айларында орун алат.
Ошондой эле семинардын максаты — аймактардан келген дене тарбия мугалимдеринен «Мектептер үчүн футбол» мобилдик тиркемеси менен иштөөнү үйрөнүп, аларды өз аймагындагы калган дене тарбия мугалимдерине, окуучулардын арасында жайылтуу, үйрөтүү болуп саналды.
Семинарда министрдин биринчи орун басары Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилигине, Эл аралык футбол федерациясынын өкүлдөрүнө билим берүү системасына кошуп жаткан салымына ыраазычылык билдирди.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер