МЕКТЕПТЕГИ НООРУЗ МАЙРАМЫ

  • 18.03.2022
  • 0

Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарында Нооруз майрамы татыктуу белгиленди.

МЕКТЕПТЕГИ НООРУЗ МАЙРАМЫ

Алгач мугалимдер Нооруз майрамы тууралуу кеңири түшүнүк беришти. Андан соң окуучуларга кезек берилип, алар кыргыз элинин улуттук каада-салттарынан сахналаштырып беришти, улуттук оюндар ойнолду. Колдо тартылган сүрөттөрдүн, буюмдардын жана тамак-аштарды көргөзмөсү уюштурулду.

МЕКТЕПТЕГИ НООРУЗ МАЙРАМЫ

Кыздар-балдар көркөм окушуп, обондуу ырларды аткарып, бий бийлешти. Айрыкча, кыргыз каада-салттарынан баланы бешикке салууда жаш болсо да өздөрүнүн аткаруучулук таланты менен көрүүчүлөрдү таң калтырды.

МЕКТЕПТЕГИ НООРУЗ МАЙРАМЫ

Ал эми класс жетекчилер өз класстарында класстык сааттарды өтүштү. Нооруз майрамы эң сүйүктүү майрам экендиги балдардын күлмүңдөгөн көздөрүнөн байкалып турду.

МЕКТЕПТЕГИ НООРУЗ МАЙРАМЫ

Элибизде тынчтык болуп, жыл сайын Нооруз майрамын майрамдоону баарыбызга насип кылсын. Кесиптештериме чыгармачылык эргүү каалайм.

АЛИМБЕКОВА Насиба,
Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер