МЕКТЕПТЕГИ КҮЗ МАЙРАМЫ

  • 22.10.2021
  • 0

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде түшүм майрамына карата таасирдүү иш-чаралар өтүүдө.

МЕКТЕПТЕГИ КҮЗ МАЙРАМЫ

1-2-класстардын окуучулары “Алтын күз” темасында, 3-4-класстардын окуучулары “Күз берекеси” темасында таймашты. 1-2-класстар жашылча жемиштерден түзүлгөн композицияларды жасашса, 3-4-класстар өсүмдүктөрдөн түзүлгөн композицияларды даярдашты.

МЕКТЕПТЕГИ КҮЗ МАЙРАМЫ

Бул конкурстун максаты окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылыктарын жана шык-жөндөмдөрүн ойготуу жана көркөм эстетикалык маданий жөндөмдөрүн өстүрүү менен бирге жаратылышты сүйүүгө, эмгекти баалоого тарбиялоо.

МЕКТЕПТЕГИ КҮЗ МАЙРАМЫ

Ар бир класстын кураторунун мыкты уюштуруусунун негизинде окуучулар ата-энелери менен биргеликте эмгектерин жогорку деңгээлде даярдашты. Жыйынтыгында, эң активдүү катышкан класстарга орундар берилди.

Гүлүмкан Асанкадырова, Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик мектеп-лицейдин насаатчы мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер