МЕКТЕПКЕ КАТТОО ЭМИ ОҢОЙ

  • 06.03.2025
  • 0

2025-2026-окуу жылында 1-класска жана 2-класска бара турган балдардын документтери санариптештирилген тармактар аркылуу чогултулуп, ата-энелеринин катышуусу жок эле ата-энеси туруктуу жашаган аймактардагы мектепке кире алат. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев билдирди.

— Эми ата-энелер балдарды мектепке киргизүүдө мурдагыдай көптөгөн документтерди топтоп убара болбойт. Жалпы санариптештирилген тармактар аркылуу документтер чогултулуп, ата-энелеринин катышуусу жок эле жалпы электрондук каттоо аркылуу ата-энеси жашаган аймактардагы мектептерге жайгаштырылат, — деди Б.Козуев.

Маалыматта айтылгандай, ата-энелер 2025-жылдын 1-июнуна чейин балдарынын мектепке кепилденген каттоолорун тастыктоо үчүн мектепке катталуу кызматын сунуштаган “Түндүк”, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы, МБанк, МойО!+Банк, MegaPay сыяктуу тиркемелердин бири аркылуу кире алат.

Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан мектепке каттоо алгоритминде балдарды мектепке каттоо боюнча маалыматтар толук камтылган. Анда ата-эне кайсы системаны ачканда “Мектепти электрондук каттоо” бөлүмүнө өтсө болору, андагы жарандык абалдын актыларын жазуу органына (ЗАГСка) байланышкан балдардын тизмесин кантип тапса болору көрсөтүлгөн. Тек гана системада тиркелген балдардын тизмесинен мектепке каттоого тийиш болгон баланы тандап алуу керек. Ал автоматтык түрдө микроучасток боюнча жайгашкан мектепти сунуштайт. Кээ бир учурларда эки же үч мектеп сунушталышы ыктымал. Андан соң, сунушталган мектепте кайсы тилде окууну каалай тургандыгын тандап, “Жазылуу” дегенди басканда, “Кабыл алынды” деген маалымат чыкса, каттоо ийгиликтүү өткөнүн билдирет.

Эгерде баланы жеке менчик мектепке, адистештирилген мектепке же башка өлкөдө окутуу керек болсо, ата-энелер аларга сунушталган мектепке катталуудан баш тарткандыгын билдирип коюушу керек.

Кокустан баланы ал тизмеден таппаса, ата-эне жакын жерде жашаган КТТга кайрылууга тийиш. Ошондой эле мектептин дареги көрсөтүлбөй калган учурда мектепке барып, туруктуу катталуусу боюнча дарегин тактап алса болот.

2025-жылдын 2-июнунан 15-августка чейин өздөрүнүн микроучастогуна дал келбеген башка мектептеги бош орунга балдарын каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер