МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ: 86 МИҢ 758 ОРУН БАР

  • 24.06.2022
  • 0

Бүгүн, 23-июнда “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат борборунда “Экинчи этапта мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун өзгөчөлүктөрү” темасында маалымат жыйын өттү.

Ага Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура, Кусеинова, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, Билим берүү жана илим министрлигинин Маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматов, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын башкы аналитиги Адыл Уланбеков жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин Маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматовдун айтымында, биринчи этаптын жыйынтыгы менен жалпы бөлүнгөн квотанын 45%ы толуп, 73 миң 81 бала мектепке кирген. Экинчи этапта дагы 86 миң 758 орун бар.

“Экинчи этаптын өзгөчөлүгү жарандар юридикалык катталган дарегине көз карандысыз эле бош орундар болгон каалаган мектепке жазыла алат. Мында бала менен ата-эне ортосундагы базадагы байланыш талап кылынат. Байланышты текшерүү үчүн биздин системада “туугандыгын текшерүү” деген атайын сервис жасалган. Ошол жерге ата-эненин жана баланын жеке идентификациялык номери жазылат. Туугандыгын текшергенден кийин ата-эне тийиштүү жол-жобону толтуруп, республика боюнча каалаган бош орундар бар мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт”, — деди Маматов.

Ал эми “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева биринчи этапта болгон кемчиликтер кайра кайталанбашы үчүн системада тестирлөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер