МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМДИН ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНАТ
- 12.08.2025
- 0
18-19-августта Ош шаарында өтө турган Август кеңешмесинде мектепке чейинки билим берүүнүн өзгөрүү доорундагы өнүгүү багыттары талкууланып, ага кенже курактагы балдар менен иштеген адистер катышат.
Аталган форумда билим берүү жаатындагы эксперттер, практиктер жана жетекчилер өлкөдөгү билим берүү системасын трансформациялоо шартында мектепке чейинки билим берүүнүн келечеги кандай болушу керектиги жөнүндө кеңири сөз болот. Айрыкча, жаңы билим берүү стандарттары, көп тилдүү чөйрө, ийкемдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү, экологиялык ой жүгүртүү ж.б. актуалдуу багыттарга көңүл бурулмакчы.
“2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында” белгиленген милдеттердин бири — мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 80 пайызга жеткирүү. Агартуучулардын башын кошкон бул маанилүү форумда ушул максатка жетүү үчүн стратегияларды жана натыйжалуу чечимдерди ишке ашыруу боюнча талкуу жүрүшү күтүлүүдө.
Форумда тарбиячылар, методисттер жана бала бакчанын жетекчилери өзүнүн ишинде колдонуу үчүн даяр куралдарды, шыктанууну жана кесиптештердин колдоосун ала турган практикалык аянтчадан мастер-класстарга катышат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер