МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН БИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮ

  • 03.11.2022
  • 0

2022-жылдын 1-ноябрынан баштап “Билим жана инновациялар менен бөлүшүү (Knowledge and Innovation Exchange)” долбоорунун алкагында Глобалдык инструменттер топтомунун жардамы менен Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-2023-жылдарга иш-чаралар планын ишке ашыруунун орто мөөнөттүү кароосун жүргүзүүгѳ арналган экинчи семинар өтүүдө.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН БИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮ

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, Санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу, Стратегиялык пландаштыруу, мониторинг жана анализдѳѳ бөлүмүнүн, Бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын адистери катышууда.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН БИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮ

Семинарда катышуучулар“КИХ Глобалдык инструменттер топтомунун” 5 багытынын (“Пландоо жана каржылоо”, “Окутуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу”, “Адам ресурстарын өнүктүрүү”, “Үй-бүлөнү жана коомчулукту тартуу”, “Сапатты камсыздоо”) жардамы менен мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн стратегиялык кадамдарды иштеп чыгып, талкуулоодо.

Семинар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер