МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН STEAM-БАГЫТТАР БОЮНЧА «БалTech» ЧЕМПИОНАТЫ
- 29.05.2025
- 0
Бишкекте бүгүн STEAM-багыттар боюнча «БалTech» аттуу республикалык чемпионат башталды. Бул иш-чара сегизден он жети жашка чейинки окуучулардын технологияга, робототехникага жана программалоого болгон кызыгуусун арттырууну көздөйт.
Чемпионаты Билим берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» эстетикалык тарбия борбору уюштурууда.
Катышуучулар төрт багытта күч сынашууда:
- робототехника (Lego WeDo 2.0 жана EV3),
- Python программалоо,
- Scratch программалоо,
- веб-разработка.
Ар бир багытта теориялык, практикалык жана чыгармачыл тапшырмалар болот. Темалар экологиялык, экономикалык жана технологиялык маселелерге арналат.
Бардык катышуучуларга сертификаттар берилет.
«БалTech» чемпионаты — бул жаштардын санариптик дүйнөгө болгон кызыгуусун арттырып, аларды келечектин жаратуучуларына айлантууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Бөлүшүү
Комментарийлер