МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II ЭТАБЫ ӨТӨТ

  • 24.02.2021
  • 0

24-25-февраль күндөрү мектеп окуучулары арасындагы Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы өтөт.

Олимпиада 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 1310/1 буйругу менен бекитилген “Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө” Жобого жана 2021-жылдын 14-январындагы № 21/1 буйругу менен бекитилген “2020-2021-окуу жылында Республикалык олимпиаданы өткөрүүдө санитардык талаптарды аткаруу жөнүндө” Нускамага ылайык өткөрүлөт.

Олимпиаданын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

— зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү;

— Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдай турган жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана дем берүү;

— зээндүү балдарды тарбиялоого көмөк көрсөтүү.

Олимпиада төмөнкү жалпы билим берүүчү предметтер боюнча өткөрүлөт:

  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;
  • анлис тили;
  • математика;
  • информатика;
  • физика;
  • химия;
  • биология;
  • география;
  • тарых.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Олимпиаданын  II (райондук),  III (облустук) жана IV (республикалык) этаптарына ар бир предмет боюнча тапшырмаларды даярдоону  сынак боюнча өткөн көз карандысыз уюмду тартуу аркылуу  территориалдык органдар жана жалпы билим берүү уюмдары менен биргеликте өткөрөт.

Олимпиаданын  II (райондук) этабына Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн олимпиадалык тапшырмалар  райондорго электрондук дарек аркылуу жөнөтүлөт. Ал эми Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү райондук билим берүү бөлүмдөрүнүнүн башчыларына милдеттендирилген.

Олимпиаданын жүрүшүн көзөмөлгө алуу үчүн министрлик “ыкчам байланыш” уюштурду: (0312) 662 370, 0701 744 803.

Бөлүшүү

Комментарийлер