МЕКТЕП ФОРМАСЫ ӨЗГӨРҮЛБӨЙТ

  • 11.08.2025
  • 0

Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде бирдей мектеп формасын киргизүү жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтомуна ылайык, 1-12-класстын окуучулары быйылкы жаңы окуу жылында мурдагы жылдардай эле форма кийишет.

Эркек балдар үчүн классикалык стилде тигилген көйнөктөрү ак түстүү, ал эми шым-костюм, жилеттери кара, күрөң, көк жана кочкул кызыл түстүү болушу шарт. Балдардын мектеп формасынын комплектисине классикалык формада тигилген галстукту кошууга болот. Кыздар үчүн мектеп формасы түрдүү комбинацияда жана классикалык стилде тигилген кофта, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, костюм комплектисинен турат.

Жалпы билим берүү мекемелеринде спорттук кийимдер жана бут кийимдер, джинсы кийимдер, эс алуу жайларында, үйдө кийүүчү кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле окуучулардын мектеп формасы эмблемалар, төш белгилер, жамаачы ж.б. сыяктуу мектептин, класстын айырмалоочу белгилерине ээ болушу мүмкүн.

Эскерте кетүүчү жагдай, окуучулар жыл мезгилиндеги аба ырайына жана сабак өтүүчү жерге, класстардагы температуралык шарттарга ылайык кийине алат.

Бул талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы №704 токтому менен бекитилген «Балдардын кийиминин жана бут кийиминин коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентинде белгиленген.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер