МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН 12 ПРИНЦИБИ

  • 26.04.2023
  • 0

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН 12 ПРИНЦИБИ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин Жалал-Абадда өткөн коллегиясында облустагы билим берүүнүн кемчиликтерине жана анын себептерине токтолуп, устат педагогдор менен биргеликте иштелип чыккан мектеп директорлорунун он эки принцибин санап жарыя кылды.

«Билим берүүнүн технологиясы, приориетит деген форматы таптакыр өзгөрдү. Арменияда Тума деген компьютердик платформа  пайда болду. Каалоочуларды 3-6 айда  үйрөтөт. Аны үйрөнгөндөн кийин диплому жок эле  бүткүл дүйнөгө иштеп кете берүүгө жол ачылды. Ага магистранттын, бакалавриаттын кереги жок. Ушундай доорго  келдик. А доорго биринчи жооп бере турган  билим, илим кызматкерлери.  Эң ириде мектептин директорлору, себеби биз  Чүйдө, Таласта, Көлдө жолугушуп келдик. Мектептеги билимдин деңгээли, мугалимдердин кесипкөйлүгү мектептин директоруна байланыштуу. Кыргызстандын билим берүүдөгү эң алдыңкы сабында турган лидер — мектеп директору. Айылдагы интеллигенциянын лидери – мектеп директору.  Айылдагы маданий очок дагы мектеп. Айылдагы ынтымак да ошондо.  Ар кайсы көчөдөн, ар кайсы уруудан, ар кайсы  үй-бүлөдөгү адамдар келет. Г.Мадаминов, Б.Исаков  агайлар менен жолугуп, сүйлөшүп, кеңешип мектеп директорлорунун 12 приоритетин, принцибин иштеп чыктык. Мен кыскача токтолоюн, — деди К.Иманалиев.

I.

Мектептин директору – мектептеги айныксыз абройлуу адам болушу керек. Кээ бир чоң айылдар бар. Сууну аркы өйүзүндөгү бир мектептин директору 16 млн. сом грант алып келсе, берки өйүздөгү мектепти бүткөн  26 баласынын бирөөсү дагы ЖРТдан босого баллдан жогору алган эмес. Биз мектептин баарына  бирдей каражат,  бирдей окуу китебин беребиз. Бирок  көрсөткүч бирдей эмес. Эмне себептен Жалал-Абад  облусу былтыркы ЖРТда  эң арткы орунду алып калды?

Мектептин директору жамаатта ынтымакты сакташы керек. Мен сиздерди текшерейин деп келген жокмун. Мен сиздерди көтөрмөлөйүн, колдоюн деп келдим.

II

Ар бир директор өзүнүн мектебине ылайык (жайгашкан аймагына жараша) приоритеттерди тандай билүүсү керек. Мектептер эки багыт боюнча тереңдетип окутушу зарыл: табигый илимдер же чет тилдери. Коэволюциялык окутууну өздөштүрүү. Директор туура багыт алса, мектеп тезинен өнүгүп кетет. Бүгүн бизге кыргыздын тарыхын, географиясын, тилин билүү – улуттук парз.  Биздин ата-бабалар мектепте окубай эле тилди жакшы билишкен. Чек арадан өткөндө эле башка улуттар менен тең тайлашуу үчүн физика, химия, биология, математика, англис тилин билишибиз керек. Ошон үчүн ушул беш  предмет боюнча мугалимдерди  дайындоодо  өзгөчө көңүл бурсаңыздар.

III

Ар дайым инновацияга, медиа сабаттуулукка умтулуу, тынымсыз изденүү. Окуучу он жыл окуйт, мугалим өмүр бою окуйт. Азыр Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса,  быйыл  компьютер маселесин чечебиз. Борбордук шайлоо комиссиясында эки күн эле колдонуп, үч жыл бекер жаткан компьютерлерди Президент, Өкмөт бизге берип жатат. Тоолуу жерде интернети жок 250 мектеп бар. Ошону дагы чечебиз. Быйыл 1-сентябрда STEM предметтери боюнча TV окууга өтөбүз.  Ушуга сиздер даярсыздарбы?  Эгер TVдан окуучуларды окутсаңыздар, биринчиден, алардын кабыл алуусу  күчөйт,  кызыгуусу артат. Сиздер эс аласыздар, 45 мүнөт сүйлөй бербей, диктор сүйлөйт. Бул мугалимдин эмгегин 50% жеңилдетет. Бирок мугалимдер санариптештирүүдөн артта калбашы керек. Мындан кийинки билим берүүнүн келечеги  — 50% санарип менен байланыштуу болот.

IV

Чарбалык маселе —  директорлор бир учурда чарба жетекчисиңер.  Кээ бир мектептин жанында арак саткан дүкөн турат, же мусор үйүлүп жатат. Мектеп деген  ыйык жер. Ошол жерден болочок Айтматов чыгат. Мүмкүн кеменгердин жолун тосуп жаткандырбыз? Булактын көзүн ачып коюшуңар керек. Мектеп тазалыгын кароо зарыл. Өткөндө Чүйдөн бир мектеп чаң үчүн  директорун кетирдик. Мектептин чаңын сүртө албаган директор – жүрөктүн, көңүлдүн чаңын сүртө алабы?

V

Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу П.Щедровицкий айтты, келечектеги билим – бул ар бир мугалим ар бир окуучуну  индивидуалдуу сабакка тартышы керек. Министрликтин стандартынан эң жогорку, сапаттуу  билим берем десеңиздер, ар бир мугалимге, окуучуга индивидуалдуу планыңар болушу керек.

VI

Мугалимдерге кесиптик эркиндик жана дайыма чеберчилигин өстүрүүгө мүмкүндүк берүү. Мугалимдердин билим, тажрыйбасын жогорулатууну үзгүлтүксүз жүргүзүү. Жылына мугалимдердин жок дегенде 20%ы кесиптик чеберчилигин өркүндөтүп турушу керек. Учурда билим берүүгө жылына ИДПнын 7%ы бөлүнөт, 10%га жеткиришибиз зарыл. Жаш мугалимдер мектебин уюштуруу. Мыкты мугалимдер өзгөрүүнүн динамикасын түшүнөт.

VII

Мектеп окуучуларын практика менен үзгүлтүксүз тааныштыруу жана алардын таланттарын ачуу (ар кандай өндүрүштүк экскурсиялар, музейлерге саякаттар, олимпиадаларга катышуу).

Дүйнөлүк окумуштуулар иликтеп жатат, ар бир беш сабак  таза абада өтүлүшү керек. Сабактын жок дегенде 80%ы  күн тийип турган жерде болушу керек.  Жалал-Абад мектептери эмнени билиши керек?  Казакстан уран чыгарганы менен белгилүү, дүйнөдө жалгыз Кыргызстан Жалал-Абаддын жапайы жаңгак токою менен белгилүү. Жалал-Абаддагы мектептер  – энергетика, жаңгак, курорттук жайларын билбесе кандай болот? Дүйнөлүк география ар бир айылдан башталат.

Окуучулар мектепте кандайдыр бир кошумча билим, жекече жардам же насаатчылык колдоо алышы керек. Финдер эмнеге алдыга кетти? Финдер биздей эле өнүккөн. Ар бир фин таланттуу деп көңүл бурушат. Мугалим таланттуу окуучуну өркүндөтүп, аны өнөргө айлантуу керек. Окуучуларды турмуштук көндүмдөргө, ишкерликке, финансылык сабаттуулукка жана өзүн-өзү өстүрүүгө үйрөтүү маанилүү. Башкача айтканда балдарды сынакка эмес, жашоого үйрөтүү. Окуучулар жөн гана формулаларды, эрежелерди, теорияны үйрөнбөстөн, алар эмнеге багытталганын жана аларды турмушта колдоно билүүсү керек. Биз окуу программаларын, баарынан мурда табигый илимдер предметтери боюнча окутуунун методикасын кайра карап чыгышыбыз керек. Ар бир окуучу сабактан тышкары каалоосуна жана жөндөмүнө жараша ийримдерге катышуусу керек.

Музыка, сүрөт, эмгек, робототехника, спорттук, адабий ж.б. ийримдерди уюштуруу. Айтматов жана Манас мектептерин уюштуруу. Ар түрдүү тармактар боюнча атактуу адамдарды мектептерге чакырып окуучуларга лекцияларды уюштуруу.

Мектеп билимдин гана эмес маданияттын булагы.

VIII

Жеке менчик мектептер менен өнөктөш болуу. Алар менен тажрыйба алмашуу. Биз жеке менчик мектептердин ачылышын колдошубуз керек.

IX

Окуучулардын өз алдынча тандоо көндүмүн өнүктүрүү. Окуу китептерин, окуу-усулдук колдонмолорду эркин тандоого мүмкүндүк берүү. Окуу китептердин мазмунуна анализ жасоого, логикалык ой жүгүртө билүүгө үйрөтүү. Окуучуларга билим берүү негизги үч багытта жүрүшү керек: биринчи тилди үйрөтүү, экинчи STEM (технология жаатындагы билимди колдонуу менен балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет), үчүнчү SOFT (окуучунун инсандык касиетин өстүрүү). Жазуу сабагында сынактар эссе, аңгеме жана ыр түрүндө болсо, окуучулардын таланттары ачылып, балдар өз продукциясын чыгарышат.

Окууга келбеген окуучуларды мектепке алып келүү эң ириде ата-эненин, коомчулуктун, мугалимдин жана мектептин озуйпасы.  Окуучуларды дебатка чыгаруу керек. Сыр билги, иш билги, адам билги, өнөр билгиге көңүл буралы. Эркин ойлонгон окуучуну даярдашыбыз керек.  Уга берген окуучу эмес,  укканын айтып, өзүнүн версиясын, чыгармачылыгын, интеллектисин  кошо айтып берген окуучу керек.

X

Кыргыздын өзгөчөлүгү бар. Жетимге камчы көтөрбө дейт. Биздин эсеп боюнча Кыргызстандагы окуучулардын 30% же атасы, же апасы жок.

Аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энеси миграцияда жүргөн балдар менен тыгыз иш алып баруу. Психологиялык, социалдык жардамдарды көрсөтүү. Колунда бар, колунда жок үй-бүлөнүн балдары деген бөлүнүүгө жол бербей, бардык балдарга теңдикти, калыстыкты камсыз кылуу.  Мугалим, директор ар бир баланын мүнөзүнө, тагыдырына мамиле кылуу керек. Сиздер билим берүүнүн нейрохирургусуңар. Мектеп директору менен айыл, окуучу, мугалим сыймыктаныш керек.

XI

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоонун приоритеттүү кадамдарын аныктоо. Жалпы республикалык тестирлөөнү мектептеги билим берүү тутумуна шайкеш келтирүү. Мектептин сапаттык көрсөткүчүн жогорулатуунун үстүнөн иштөө. Бир эле окуучуга  660 миң сом мамлекет коротот. Билим деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Үч саатка келип, ЖРТны эмнеге тапшырбайт?  ЖРТ тапшыруу боюнча Жалал-Абад артта калды деп Акылбек Жапаров айтты.

XII

Дүйнөнүн PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдануу – мектеп директорунун негизги приоритети болушу шарт. Окутуунун компетенттүүлүгүн үчтөн сегизге чейин жеткирүү. Күчтүү мектеп директору ким?

Эгерде ынтымактуу, биримдиктүү эмгек жамааты бар болсо;  окуу класстары эң жакшы жасалгаланган; тилдерди үйрөтүү, STEM жана SOFT менен айкалышкан окуу системасы, мектеп олимпиадасынын чемпиондору бар, алар тууралуу “Кут Билим” гезитине жарыялап турган; окуучулардын ЖРТга катышуусу эң жогору; PISA боюнча рейтингди көтөргөн; педагогдорунун жыл сайын 30%дан ашыгы кесиптик чеберчилигин жогорулатып турган; өздөрү долбоор жазып, гранттарды алууга жетишкен;  жогорку окуу жайлар, илимий институттар жана жергиликтүү коомчулук менен тыгыз иштеше билет;  мугалимдердин публикациялары илимий журналдарда жарык көргөн; бүтүрүүчү класстардын кеминде 80%ы келечектеги кесиптерин тандап коюшкан;  балдардын физикалык жана психикалык саламаттыгына, коопсуздугуна кам көрөт; чыныгы турмуштан алыс эмес; бардык окуучуларга калыстык менен мамиле кылат.

— Эки жарым миңге жакын мектептин директорлору турабыз. Биздин миссия жана биздин милдет билим берүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү. Билим керемети күчтүү! Улуу Манас атабыздын руху менен билимдин духу гана эгемендүү Кыргызстанды өнүктүрө алат! – деди Каныбек Иманалиев.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер