МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮН ЖРТга ДАЯРДОО – КӨП ЖАКТУУ МАСЕЛЕ

  • 28.08.2018
  • 0

Ысык-Көлдө мектеп бүтүрүүчүлөрүн ЖРТга даярдоочу бир жылдык долбоор кайрадан өз ишин жандантат. Бул тууралуу жакында Тамга айылында пилоттук мектептердин өкүлдөрү үчүн болуп өткөн семинарда айтылды. Былтыр бир катар ийгиликтерге жетишкен бул долбоор быйыл да «Кумтөр Голд компани” ишканасынын каржылык колдоосунда, Билим берүү жана илим министрлиги менен Research and Devolopment Foundation уюму тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Башкысы ЖРТда эмне бааланарын билүү зарыл

Семинардын алгачкы күнү, пилоттук мектептердин өкүлдөрүнө, 2002-жылдан бери кынтыксыз иштеп жаткан ЖРТ тууралуу кеңири маалымат берилди. Айта кетсек, Жалпы республикалык тестирлөө же кыскача ЖРТ – бул Кыргыз Республикасында ЖОЖдорго тапшырууда коррупцияны жоюуга, баардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган эң ири социалдык долбоор. Башында ЮСАИДдин каржылоосунда иштесе, азыр ал мамлекеттик жана коммерциялык эмес мекеме болуп эсептелген Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) тарабынан жүргүзүлөт. ЖРТнын максаты – жогорку окуу жайда окуй ала турган эң жөндөмдүү абитуриенттерди тандап алуу. ЖРТ фактологиялык билимдин көлөмүн эмес, өз алдынча ой-жүгүртүүнү жана мектептен алган билимди пайдалана билүүнү текшерет. Ал тестология илиминине таянып түзүлүп, негизги жана предметтик бөлүктөрдөн турат. Тест тапшырмалары сатылбайт жана андай кылууга мүмкүн эмес. ЖРТда бүтүрүүчүнүн тагдыры чечилип жаткандыктан, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан Чынар Батракееванын пикиринде ченөөлөр өтө так болушу керек, анткени бүгүнкү абитуриент — эртеңки адис, жетекчи.

ЖРТда кесипти туура тандоо да маанилүү

Долбоор адистеринин айтуусунда. бүтүрүүчүлөр тесттеги предметтик тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн баарынан мурун келечектеги кесибин туура тандашы зарыл. Антпесе, ЖРТга даярдык көрүү учурунда утуру тандоо боюнча предметин алмаштыра берип, өздөрүн гана эмес, окуткан мугалимдерин кыйнашат. Ошондон улам семинарда пилоттук мектептердин мугалимдерине, болочок менторлорго кесипке багыттоонун эң оңтойлуу жол-жоболору, ыкмалары сунушталды. Мектеп окуучуларын кесиптик багыттоо ишинде зор тажрыйбасы бар WISEFULL жана EFCA уюмдарынын пикиринде педагогдор кесипке багыттоо ишин өтө эрте баштоосу керек. Мисалы, Германияда балдарды кесипке багыттоо бала бакчадан башталат. Алар эң эле жаштайынан кандай кесиптер бар экенин таанып билишет. Албетте, кесип тандоодо бала ата-энесинин учурда эмне менен алек болуп жатканына маани бербей койбойт. Ата-эне же үй-бүлө баланын кесип тандоосуна таасир этүүчү эң башкы фактор. Кээ бир ата-энелер «мен ушул кесипке окубай калдым, эми балам же кызым окусун» дешет. Көбүнчө кесиптерди коомдо бааланганына карап балдарына тандап беришет. Натыйжада, семинарда айтылгандай, азыркы ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнүн 83%ы өз адистигинде иштебей коюшат. Бул, албетте, туура эмес! Бала үчүн кесип тандоодо андан кийинки орундарда курчап турган чөйрө менен инсандык сапаттар турат. Кесипке багыттоо ишинде педагогдор баланын интеллектуалдык жана ой-жүгүртүү өзгөчөлүнө, анын шык-жөндөмдүүлүгүнө, кызыкчылыктарына да көңүл бурушу керек. Дүйнөнү таанып-билүүсү боюнча балдардын көпчүлүгү визуалдар, бир тобу аудиал, дагы

башкалары кинестетиктер болушат. Алар табигый шык-жөндөмдөрү боюнча да ар башка. «Помидорду жакшы туурай албаган хирург боло албагандай, сүйлөгөндү каалабаган адам мугалим боло албайт. Классыңызда жаны тынбаган окуучуңуз бар дейли. Сабакта эптеп бир шылтоолорду айтып, эшикке чыгууну гана ойлойт. Андайды кийин бир офиске камап кое албайсын. Ошон үчүн балдарды 28 көндүмдөргө таянып, кесип тандоого багытташ керек. Кесипке багыттоону 7-класстан, өтө кеч дегенде 9-класстан баштоо зарыл», — деп айтты мугалимдерге семинарда түркиялык белгилүү аалым, педагогика, психология доктору Сулейман Күмүшсой.

Убакытты башкаруу менен туура тамактануунун орду бөтөнчө

Кесипке багыттоодо муундар ортосундагы айырмачылыктарды көрө билүү зор мааниге ээ. Муундар теориясы менен аздыр-көптүр тааныштыгы бар педагог үчүн өз окуучуларын түшүнүү жеңил. Ар бир муун коомдогу өзгөрүүлөрдү ар башкача темпте кабыл алат. Мисалы, 50 млн адамга радио 35 жылда, телевизор 13 жылда, Фейсбук 3 жылда, Инстаграм 6 айда, ал эми Y BIRD 35 күндө жеткен. Азыркы Z мууну же технология мууну башкалардан айырмаланып, бир нече ишти бир убакытта жасай алышат. Бул муундагылар чечимдерди кабыл алууда чоңдордун кеңешине караганда өз акылына көбүрөөк ишенишет. Эрежелерди сүйүшпөйт. Жалгыздыкты жактырышат. Аларга өзүн көрсөтүү маанилүү.Эмоционалдуу, чыгармачыл, интерактивдүү болушат. Азыркы мектеп партасында олтурган окуучулардын дээрлик баары ушул муунга таандык.

Алардын өнүгүүсү 38% га ата-энеге, 18%га мугалимге көз каранды. Ошондуктан бул багыттагы зарыл билимдерди окуучуларга эмес, ата-энелерге берүү керек. Ата-эне бири-бирине кандай мамиле кылат, ошого жараша баланын мүнөзү калыптана баштайт.Үй-бүлөдө ата – ишенимдин, апа – мээримдин символу болушу зарыл. 17 жашка чейин балада акыл, эмоция, дене чоң өзгөрүүгө дуушар болот. Ошон үчүн үй-бүлөдөгү ата-эненин бири-бирин түшүнүүсү, урматтоосу, сыйлоосу зор мааниге ээ.

Баланын өсүп-өнүгүүсүндө убакытты башкаруу менен туура тамактануунун орду бөтөнчө. «Жалаң кола ичип, гамбургер жеген балдарга, кымыз ичкен балдардай мамиле кыла албайсың»,- дейт Сулейман Күмүшсой. Анын айтуусунда биз кечки 11ден кийин да уктабасак, эртеси мас кишидей болот экенбиз. Толук уктабаган киши агрессивдүү болот экен.

“Эрте менен сабакка ачка келген окуучулар маалыматты кабыл алышпайт. Анткени тамак жебеген, уйкуга канбаган баланын интеллектиси толук кандуу болбойт, өз ишин берилип жасабайт. Адистер тест тапшыруунун эң оптималдуу убактысы деп эрте мененки саат 10дон 12ге чейинки аралык ты сунушташат”, — дейт Сулейман Күмүшсой.

Быйылкы долбоордун өзгөчөлүгү эмнеде?

Семинардын жүрүшүндө мугалимдер орус жана кыргыз топторуна бөлүнүп, ЖРТдагы предметтик тест тапшырмаларына жооп беришти. «Текстти окуп-түшүнүү кыйын экен. Убакыт жетишпейт. Аналогиянын сегиз түрү болот. Аны билбесе, окуучуга жеңил эмес болчудай. Азыркы иш туура болду. Тест деген кандай болорун жон терибиз менен сездик», — дейт предметтик тестти берип чыккан соң Жети-Өгүз районундагы Оргочор орто мектебинин мугалими Термечиков Саламат. Ушундай эле пикирлерди семинарга катышып жаткан башка мугалимдер да билдиришти. Аларды кайталап олтурбайын. Долбоор адиси Сартова Зинакүл менен баарлашып, азыркы семинарга 203 мугалим, мектеп жетекчилери, райОНО адистери катышканын билдим. Зинакүл Асаналиевнанын айтуусуна караганда быйылкы окуу жылында долбоор ишине Тоң районунан 6 мектеп, Жети-Өгүз районунан 6 мектеп , Балыкчы шаарынан 2 мектеп тандап алыныптыр. Булардын ичинен Жети-Өгүз районунан Тамга орто мектеби жана Балыкчыдан К.Абдылдаев атындагы орто мектеби — окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер. «Өткөн жылкы долбоордо жалаң кыргыз тилдүү мектептер болгон. Быйыл биз ЖРТга даярдоо ишине мугалим, завучтардан тышкары мектеп директорлорун, райОНО адистерин да коштук. Өнөктөштөрүбүздүн да саны өсүүдө. Англис тилчи мугалимдерди окутуу ишинде бизге зор көмөк көрсөткөн «Лингва» мектеби менен кесипке багыттоочу окууларды уюштурган WISEFULL жана EFCA уюмдары өнөктөштөрдүн катарын толуктады. Өнөктөштөрүбүздүн көмөгүнө, менторлорубуздун аракетине таянып, пилоттук мектептерде ЖРТга даярдык боюнча иштерибизди сентябрь айынан баштайбыз», — дейт Зинакүл Асаналиевна.

А.Алибеков «Кут Билим», (Бишкек-Тамга-Бишкек)

Бөлүшүү

Комментарийлер