МЕКТЕП АШПОЗЧУСУНУН ЭМГЕК АКЫСЫН ЖОГОРУЛАТУУГА АТА-ЭНЕЛЕР КАРШЫ

  • 12.02.2019
  • 0

Талас шаарындагы №2 Р.Рысакова атындагы орус тилдүү мектептеги окуучулардын ата-энелеринин жыйналышында ашпозчулардын маянасына ата-энелер кошумча акча чогултуп жатканын айтып чыгып, нааразы болушту.

МЕКТЕП АШПОЗЧУСУНУН ЭМГЕК АКЫСЫН ЖОГОРУЛАТУУГА АТА-ЭНЕЛЕР КАРШЫ

Мектептин көзөмөлчү кеңешинин өкүлдөрүнүн айтымында, буга чейин 1-класстын ата-энелер жамааты  маалымат каражаттарына, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнө ашпозчуга кошумча айлык төлөө үчүн 20 сомдон чогултулуп жатканы боюнча кайрылуу жөнөтүлгөн. Алар бул маселени ата-энелер чогулушунда чечүүнү сунушташкан. Ата-энелер биринчи маселе катары окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу программасын кароону суранышкан. Бул мектептин окуучуларына ысык тамак үч жума мурун гана берилип баштаган. Бирок ашпозчулар эмгек акы аз экенин айтып, жумуштан бошой турганын билдиришкен. Ашпозчу айына беш миң сом эмгек акы алса, жардамчылары 4800 сом алат. Буга байланыштуу ар бир окуучудан ай сайын 20 сомдон чогултуп, ашпозчулардын эмгек акысына кошуп берүү сунушталган. Ал эми ата-энелер: «Ашпозчу канча айлык алат биздин ишибиз жок. Бизди балдарыбыздын кандай тамактанып жатканы кызыктырат. Ысык тамак берилгени жакшы, бирок кызматкерлердин айлыгына ата-энелердин тиешеси барбы? Биринчи жолу ар бир ата-эне 20 сомдон чогултсун дешкенде баш тартканбыз. Бул маселе экинчи жолу көтөрүлбөшү керек эле. Ата-энелердин WhatsApp тайпасына 20 сомдон чогулткула деген кат келип жатат. Балдарыбыз үчүн даараткана кагазынан баштап акча чогултуп жатабыз. Билим берүү бөлүмү кайсыл жакты карап жатат?», — дешти.

Ошондой эле ата-энелер нааразычылыкка мектеп үчүн чогултулган 500 сом, китептердин ижара акысы, күзөтчүлөргө төлөнгөн акча болушу мүмкүн экенин айтышты. Жыйынтыгында ата-энелер ашпозчулардын эмгек акысы үчүн 20 сомдон чогултпай турган болушту. Мындан тышкары бир класста 45тен окуучу окуп жатканы айтылды.

«Балдарыбыздан эмне үйрөнгөнүн сурасак, «артта отуруп укпай, түшүнбөй калдым» деп жооп беришет. 45 балага 45 мүнөттүн ичинде бир мугалим кантип жетишет?» — дешти ата-энелер.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер