МЕКЕНЧИЛДИКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

  • 16.04.2026
  • 0

Жакында Ош билим берүү институтунун уюштуруучулук аракети менен Алай районундагы №6 Бөдөш Аданбаева атындагы жалпы билим берүү мекемесинде мектеп окуучуларынын мекенчилдик сезимин курчуткан облустук семинар болуп өттү.

МЕКЕНЧИЛДИКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

Семинар Ош билим берүү институтунун 2026-жылы үчүн түзүлгөн иш планына киргизилип, анын ишине Ош облусундагы Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунан 45тен ашуун райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, АЧД предметинин секция жетекчилери, АЧД мугалимдери жана Алай районундагы аскер бөлүктүн өкүлдөрү катышты.

Учурдагы глобалдашуу шартында жаштарды ар тараптуу өнүктүрүү жана тарбиялоо маселеси билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өзгөчө жаш муунду мекенчилдикке, мекенди сүйүүгө, мамлекетке кызмат кылууга, мамлекеттик жана улуттук баалуулуктарын урматтоого багыттоо коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү фактору катары каралат.

Бул контексте жалпы билим берүү мекемелериндеги аскерге чейинки даярдык (АЧД) предмети өзгөчө орунга ээ. Аталган предмет окуучулардын аскердик – патриоттук аң-сезимин калыптандырууга, жарандык позициясын бекемдөөгө, ошондой эле алардын физикалык даярдыгын жана турмуштук коопсуздук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү педагогикалык курал болуп эсептелет. Мындан тышкары, АЧД предмети жаштарды келечектеги аскердик кызматка жана жарандык милдеттерди аткарууга алдын ала даярдоонун негизги баскычы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында АЧД предметин окутууда бир катар көйгөйлөр сакталууда. Аларга окуу-усулдук камсыздоонун жетишсиздиги, материалдык-техникалык базанын чектелгендиги, ошондой эле мугалимдердин теориялык жана практикалык даярдыгын өркүндөтүү зарылдыгы кирет. Бул маселелерди чечүү билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат.

МЕКЕНЧИЛДИКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

Аталган көйгөйлөрдү жоюу жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу максатында Ош облусунда АЧД мугалимдеринин облустук деңгээлде аталган семинары уюштурулду.

Семинардын алкагында Алай районунун борборундагы “Жеңиш” паркында Баткен окуясынын катышуучусу, “Ата мекен баатыры” М.Сулаймановдун эрдигин эскерип, анын эл алдындагы аткарган эмгегин баалап, жаштарга мекенчилдик сезимди, өлкөгө болгон жоопкерчиликти калыптандыруу максатта эстелигине гүл чамбар коюлду.

МЕКЕНЧИЛДИКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

Ош билим берүү институнун координациялык иштер боюнча орун басары, АЧД, дене тарбия курсунун жетекчиси Бөрүбаев Абдилажан жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Таиров мугалимдерди семинарга активдүү катышууга, алган билимдерин мектептеринде жайылтууга чакырды.

Семинар учурунда мугалимдердин алдыңкы иш-тажрыйбалары жайылтылып, алар практикалык жана теориялык сабактар түрүндө көрсөтүлдү. Алардын мазмуну заманбап талаптарга ылайык түзүлүп, окуучулардын билим алуусуна багытталган интерактивдүү жана практикалык ыкмаларды камтыды.

Мисалы, С.Молдокулов атындагы жалпы билим берүү мекемесинин АЧД мугалими Асанов Урустамдын окуучуларда мекенчилдик сезимди, аскердик-патриоттук тарбияны калыптандыруу менен, тарыхый эрдиктерди урматтоого, баатырлардын каармандыгын баалоого үндөгөн “Эрдик эч качан өчпөйт” аттуу сахналаштырылган эскерүү сабагына күбө болушту. Сабак жандуу, сахналаштырылган, ар бир катышуучунун жүрөгүн элжиреткен көз ирмемдер менен көпчүлүктүн эсинде калды.

МЕКЕНЧИЛДИКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

№18 А.Тукеев атындагы жалпы билим берүү мекемесинин АЧД мугалими Бөкөнов Өмүрбектин “Азыркы замандагы согуштун өзгөчөлүктөрү” деген темадагы сабагында заманбап технологиялардын, анын ичинде дрондордун, маалыматтык коопсуздуктун жана мобилдүүлүктүн ролу талдоого алынды. Бул сабак окуучулардын аналитикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана глобалдык процесстерди түшүнүүсүнө шарт түзөт.

Ал эми №21 Ш.Сатиев мектебинин АЧД мугалими Калчабаев Насипбетин “Жүрөктүн иштешинин жана дем алуунун токтоп калуусун аныктоо” темасындагы сабак окуучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздерин үйрөнүүгө багытталып, практикалык көндүмдөрдү калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.

Дүйшөбаев Адандын “Азимуттук багытты аныктоо” темасындагы сабак болсо окуучулардын мейкиндиктик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, карта жана компас менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалда туура чечим кабыл алуу жөндөмүн арттырууга багытталган.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан АЧД предметин окутууну жакшыртууга бир катар сунуштар берилди. Алардын негизгилери катары окуу процессинде практикалык багытты күчөтүү, визуалдык жана техникалык каражаттарды пайдалануу, интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу ж.б.

Семинарды уюштурууда өзгөчө салым кошкон Апылаева Кенжекан жетектеген №6 Б.Аданбаева атындагы мектеп мекемесине жана АЧД мугалими Алмаматов Бакытбекке Ош билим берүү институтунун ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Жыйынтыктап айтканда, аскерге чейинки даярдык предмети мугалимдеринин семинары жөн гана жолугушуу эмес, мугалимдердин теориялык билимдерин тереңдетүүгө, практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга, тажрыйба алмашууга, ой-пикир, сунуштары менен бөлүшүүчү аянтча болуп берди. Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу бул багыттагы иштердин натыйжалуулугун арттыруунун негизги фактору болуп эсептелет.

ТААБАЛДЫЕВА Нуржамал, Ош билим берүү институтунун “Билим берүүдөгү менеджмент” кафедрасынын башчысы

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер