МЭЭР КУДУРЕТИ

  • 16.10.2022
  • 0

 

 

 

Окуу жылы башталган биринчи күнү эле 5-класстын алдында туруп, эжей балдарга жалган айтты. Көпчүлүк мугалимдердей эле ал да окуучуларын карап, алардын баарын бирдей сүйөм деди. Бирок бул мүмкүн эмес болчу…

Алдыңкы катарда Али аттуу кичинекей бала отурган. Мугалим аны бир жыл мурун көрүп, башка балдар менен жакшы ойнобогонун, кийимдери таза эмес экенин, жана өзү да жуунбагандай кир болгонун байкаган. Мындан тышкары, Алинин кыялы да жагымсыз болушу мүмкүн деп ойлогон. Эжей ошол окуучунун тапшырмасын текшерип жатып, кызыл калем менен каталарды оӊдоп, акырында тапшырманын четине былчыйта «2» коюп жүрчү.

Бир күнү эжейге баардык окуучуларынын мурунку документтерин толук карап чыгуу милдетин аткарууга киришти. Эӊ аягында Алинин файлын карай баштаганда, күтүлбөгөн жагдайга туш келди!..

Алинин 1-класстагы эжейи мындай дептир: «Али – абдан куунак, күлкүчү, жайдары бала. Ал өз ишин дайыма тыкан аткарат жана өзүн жакшы алып жүрөт. Аны менен убакыт өткөрүү мен үчүн өзүнчө бакыт».

2-класстагы мугалими: «Али – эң ​​жакшы окуучу, аны классташтары жакшы көрүшөт. Бирок апасы айыккыс ооруга чалдыккан, ошондуктан өтө тынчсызданганы байкалат», – деп жазыптыр.

3-класстагы мугалиминин жазганы: «Апасынын каза болгону Алиге абдан оор болду. Ал колунан келгендин баарын кылууга аракет кылат, бирок атасы көӊүл бурбайт, жардам бербейт. Эгер бир чара көрүлбөсө, анын үй жашоосу тескери таасирин тийгизет».

Алинин 4-класс мугалими мындай деп жазган: «Али теӊ туштары менен баарлашпай калды. Окууга анча кызыкпайт. Достору аз. Кээде класста уктап калат».

Ошондо гана эжей Алинин көйгөйүн түшүндү да, өзүнүн буга чейинки мамилеси үчүн уялды.

Жаӊы жыл келди. Окуучулар мугалимге жаркыраган кагазга оролуп, кооз бантиктер менен байланган белектерин тапшыра баштады. Алинин белегин көргөндө, эмне дешти билбей калды. Баланын белеги азык салуучу саргайган эски кагазга эптеп оролгон болчу. Аны араңдан зорго ачты. Андагы кээ бир таштары түшүп калган билерик менен жарымына чейин бөксөргөн атыр шишени көргөндө, кээ бир балдар каткырып күлө баштады. Эжей балдардын күлкүсүн тыйып: “Абдан кооз билерик экен!” – деди да, атырды билегине сүртүп койду.

Али ошол күнү сабактан кийин жакын келип: «Эжеке, бүгүн сиз апамдай жыттанасыз!» – деди.

Балдар баары үйлөрүнө кетти. Мугалим иш бөлмөсүндө отуруп, көпкө чейин ыйлады. Дал ошол күндөн баштап эжей окуу, жазуу жана арифметикадан талапты жумшартып, балдарга сергек мамиле кыла баштады. Айрыкча Алиге көбүрөөк көңүл буруп калды. Али сабакка улам жакшыраак кызыга баштады. Эжеке канчалык кубаттаса, Али суроолорго ошончолук тез жооп берип калды. Окуу жылынын аягында Али класстагы эң акылдуу балдардын бири болуп калды. Ал эми мугалим бардык балдарды бирдей сүйөм деп калп айтканы менен, анын Али менен болгон мамилеси өзгөчө болуп калды,

Бир жылдан кийин, каникулдан келгенде эжей эшигинин астынан Алинин жазган катын таап алды. Ал: “Менин өмүрүмдөгү эң мыкты мугалимим болдуӊуз”, – деп жазыптыр!

…Арадан алты жыл өттү, эжей Алиден дагы бир кат алды. Ал жогорку классты эң алдыӊкылардан болуп аяктап жатканын, бирок эжейин дагы эле жашоосундагы эң мыкты мугалим деп билерин кабарлаптыр.

Дагы төрт жылдан кийин мугалим дагы бир кат алды. Али турмуштун азап-тозокторуна кабылса да, чыдап, өжөрлүк кылдым, жакында колледжди ​​артыкчылык диплому менен бүтүрөм деп жазган экен. Бул ирет да: “Өмүрүмдөгү эң жакшы жана сүйүктүү мугалимимсиз!” – дептир.

Кийинки төрт жылда Али бакалавр даражасын алганын, бирок окуусун дагы улантарын кабарлап, эжейди эӊ сүйүктүү мугалим экенин жазыптыр.

Окуя муну менен эле бүтпөйт. Ошол жазда дагы бир кат келди. Али бир кыз менен таанышканын, эми үйлөнөрүн жазыптыр. “Атам 2 жыл мурун каза болду. Тойго келип, апамдын ордуна отурасызбы?” – деп суранат.

Албетте, эжейи жок дебеди. Алинин апасынан калган билерикти тагынып, ошол атырын себинин келди. Али эжекесин көрүп катуу сүйүндү. Экөө кучакташып учурашты. Ошондо Али эжекесинин кулагына: «Рахмат, эжекем, мага ишенгениңиз үчүн. Мага маани берип, өзүмө ишенүүгө үйрөткөнүӊүз үчүн чоң рахмат”.

Көзүнө жашы толгон эжекеси да шыбырады: ‘Али, сен такыр туура эмес айттың. Мен сени эмес, сен мени үйрөттүң. Мени мугалим болууга үйрөткөн сенсиң. Сага жолукмайынча кантип мугалим болуп, сабак бергенди да билбей жүргөн элем”.

 

Бул аңгеме биринчи жолу 1976-жылы Home Life журналында чыккан. Профессор Дүйшөн Шаматов кыргыз тилине которуп, “Билим – бакыт канаты” китебине киргизген.

 

Иллюстрация интернеттен алынды: https://kickscontest.ru/sochineniya/chto-takoe-otzyvchivost-sochinenie-rassuzhdenie.html

Бөлүшүү

Комментарийлер