МЕДИАСАБАТТУУЛУККА БАГЫТТАЛГАН МУЛЬТФИЛЬМДЕР ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 15.12.2020
  • 0

Биз маалымат дүйнөсүндө жашап жатабыз: телефон, компьютер, телевизор экрандарында бизге өтө чоң көлөмдөгү маалыматтар берилүүдө. Тилекке каршы, бул жагдайда адашуу жана алдануу оңой. Ошол эле учурда азыркы замандын адамдарынын ишмердүүлүгүн интернет байланышысыз жана санариптик шаймандарсыз элестетүү мүмкүн эместигин көрсөтүп турат. Күн сайын биз түрдүү кырдаалдарда бет келип, андан чыгуунун жолун издейбиз. Андан мүмкүн болушунча натыйжалуу, коромжусуз чыгуу керек. Айталы, социалдык тармактардагы оройлукка жана кысымга туш болуу, көптөгөн жасалма маалыматтарды жана спамдарды алуу, сиздин жеке маалыматтарыңыз адепсиз адамдар же уюмдар тарабынан колдонулган, сиздин санарип изиңиз анчалык позитивдүү болбой калган учурлар бар. Мунун баарын түшүнүүгө Алина менен ары жугумдуу, ары кызыктуу жана эсте калаарлык видео баяндар жардамга келет.

МЕДИАСАБАТТУУЛУККА БАГЫТТАЛГАН МУЛЬТФИЛЬМДЕР ЖАРЫК КӨРДҮ

Башкы каарман Алина мектептеги позитивдүү, ийгиликтүү жана активдүү, анан дагы, ойлонуп, катачылыктардан сабак алууну билген адам.

Алина жана Эрик сизге санариптик дүйнөдө жашоонун негизги эрежелери, санариптик дүйнөнүн укуктары жана милдеттери, мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн куралдары жөнүндө кызыктуу жана шатыра-шатман айтып беришет.

Бардык адамдар сыяктуу эле алсыз жактары бар каарман кыздын турмуштук окуяларын сунуш кылган Макстын алгачкы эки мезгилинин уландысын сиздерге сунуштайбыз.

Плейлисттин кыргыз тилиндеги шилтемеси: https://www.youtube.com/playlist?list=PLsAOt_b3-kduVOjb6P4sod9s2iPP9A0yq

Плейлисттин орус тилиндеги шилтемеси: https://www.youtube.com/watch?list=PLsAOt_b3-kdtjXRn0aopjgdZj8A8L-fjp&v=zEs1ixJIfHk&feature=emb_title

Эске сала кетсек, мультфильмдер MediaSabak долбоорунун алкагында, Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Федералдык Министрлигинин, ошондой эле Deutsche Welle академиясынын колдоосу менен “ММК Колдоо Борбору” Фонду тарабынан тартылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер