МАЙЛУУ-СУУ: №2 ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕПТЕ МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО  ИШИ УЛАНУУДА

  • 03.08.2026
  • 0

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.

МАЙЛУУ-СУУ: №2 ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕПТЕ МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО  ИШИ УЛАНУУДА

Учурда мектепте STEM багытындагы – химия, физика, биология, математика, география жана информатика кабинеттерин, китепкана, ошондой эле коридорлорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

МАЙЛУУ-СУУ: №2 ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕПТЕ МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО  ИШИ УЛАНУУДА

Мындан тышкары, мектеп имаратынын чатыры толугу менен алмаштырылып жатат. Бүгүнкү күндө жаңы терезелер жеткирилип, аларды орнотуу иштери күтүлүүдө.

Ал эми оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп заманбап эмеректер, видеокөзөмөл системасы жана STEM кабинеттерине лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыз болот.

Маалыматка таянсак, өлкө боюнча 53 жалпы билим берүү мектеби инновациялык мектеп макамын алган. Инновациялык мектептер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, заманбап окутуу ыкмаларын жана жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган алдыңкы билим берүү мекемелери болуп саналат.

Бул мектептерде STEM-билим берүүнү өнүктүрүүгө, окуучулардын изилдөөчүлүк жана практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга, ошондой эле заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер