ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНА ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
- 31.10.2020
- 0
2021-жылдын январь айында Математика, физика жана информатика боюнча Эл аралык Жаутыков олимпиадасы болуп өтөт.
Бул олимпиадага катышууга бардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк берүү максатында тандоо туру өткөрүлөт.
Тандоо туру графикке ылайык онлайн түрүндө өтөт.
Тандоо туруна менчик формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 7-11-класстарынын окуучулары катыша алат.
Окуучулар бир гана предметтен катыша алышат.
Ар бир предмет боюнча өткөрүлгөн тандоонун акыркы турунда рейтинг боюнча эң жогорку балл алган окуучулар арасында Кыргызстандын команда курамы түзүлөт.
Олимпиадага катышуучулардын саны Математика, физика жана информатика боюнча Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын Уюштуруу комитети тарабынан аныкталат.
Математика предмети боюнча тандоо туру
Тур | Мөөнөтү | Сайт |
Каттоо | 2020-жылдын 30- октябрынан 6-ноябрына чейин | http://unite.kg/talk |
1 тур | 2020-жыл, 7- ноябрь | http://unite.kg/talk |
II тур | 2020-жыл, 14- ноябрь | http://unite.kg/talk |
III тур 1-күн
2- күн | 2020-жыл, 5 — декабрь
2020-жыл, 6- декабрь |
|
Толук маалымат unite.kg/talk сайтында жайгашкан Байланыш телефон: ватсап: +996 990 011 555 |
Информатика предмети боюнча тандоо туру
Тур | Мөөнөтү | Сайт |
Каттоо | 2020-жылдын 30 — октябрынан 3 – ноябрына чейин | https://forms.gle/WtLU9QPZvE9zHnHcA |
1 тур | 2020-жыл, 4 — ноябрь саат 10:00-14:00 | https://olymp.krsu.edu.kg |
II тур
1-күн 2-күн |
2020-жыл, 22- ноябрь 2020-жыл,13 -декабрь | https://olymp.krsu.edu.kg |
Толук маалымат https://olymp.krsu.edu.kg сайтында жайгашкан Байланыш телефондор: ватсап: +996778 332 250, 0772 016 647 |
Физика предмети боюнча тандоо туру
Тур | Мөөнөтү | Сайт |
Каттоо | 2020-жылдын 6 -ноябрынан 11 — ноябрына чейин | https://forms.gle/MzkACGY6DoBBGhVWA |
1 тур | 2020-жыл, 13- ноябрь саат 10-00 — 13-00 | |
II тур | 2020-жыл, 20 — ноябрь | |
III тур | 2020-жыл, 27- ноябрь | |
Байланыш телефон: ватсап: +996706 234 823 |
Андан тышкары 6-7-8 класстардын окуучулары математика предмети боюнча Леонард Эйлер атындагы олимпиадага катыша алышат. Бул олимпиада төмөнкү график боюнча өтөт:
I тур – 2020 –жылдын 15 — ноябрында
II тур — 2020 –жылдын 29 — ноябрында
III тур — 2020 –жылдын 13-декабрында
Толук маалыма http://www.matol.ru/ сайтында жайгашкан.
Байланыш телефон: ватсап: +996 990 011 555
КР БИМдин басма сөз кызматы
Комментарийлер