“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ — МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРДИН ОРДОСУ

  • 29.12.2020
  • 0

2020-жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун жыйынтыгы чыгарылып,  анда Кыргыз-Түрк “Манас” университети 1-орунду ээледи.

Тактап айтканда, бул университете кабыл алынган абитуриенттердин тест упайынын орточо саны 178ди түздү. Экинчи орунда – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (175,5), үчүнчү орунда – Кыргыз-Орус славян университети (172,5) турат. 2020-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Билим берүү жана илим министрлиги 92 гранттык орун бөлгөн, анын эсебинен 89 абитуриент кабыл алынды.

Белгилей кетсек, КТМУнун гранттык комиссиясы, Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору жана Маалыматтык технологиялар башкармалыгы пандемия мезгилинде КТМУга студенттерди кабыл алууну ийгиликтүү ишке ашырышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер