«МАНАС” — КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ
- 05.12.2024
- 0
Борбор калаадагы Биринчи май районунун №19 орто мектебинде «Манас — кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу иш-чара өттү.
Маалыматка таянсак, мектеп окуучулары спектакль көрсөтүп, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришти.
Мындан тышкары, «Манас» улуттук театры мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын арасында «Манас айтуу» кароо-сынагын өткөрдү.
Жыйынтыгында байгелүү орундарга төмөнкүлөр ээ болушту:
Курманбеков Нурболот (№21 МЧББУ) — 1-орун;
Искендерова Нурайым (№43 МЧББУ) — 1-орун;
Дадакозуев Бехрузбек (№118 МЧББУ) – 1 орун.
Бусурманова Айша (№21 МЧББУ) – 2 орун;
Зейбел Ева (№118 МЧББУ) – 2-орун;
Ильязбекова Ширин (№26 МЧББУ)– 2 орун;
Бахтияр уулу Акбар (№131 МЧББУ) – 2 орун.
Баяманова Карина (№26 МЧББУ) — 3-орун;
Смирнов Артем (№118 МЧББУ) — 3-орун;
Асипбекова Айдемир (№131МЧББУ) – 3-орун;
Шейшенова Ханзада (№43МЧББУ) – 3-орун;
№28 МЧББУнун тарбиялануучуларынын тобу — 3 орун;
Акматалиева Сезим жана Шаршенова Насыйат (№117 орто мектептин алдындагы «Эне мектеби » ) – 3-орун.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек»эпостору) — кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасын ар тараптан изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер