МАМЫТОВ АБАКИР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН КЕҢЕШЧИСИ КЫЗМАТЫНА ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 28.10.2020
  • 0

МАМЫТОВ АБАКИР 1954-жылы туулган, жогорку билимдүү, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер.

Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунан алган (1976-ж.), Лениндик стипендиат болуп, окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Москва шаарында аспирантурада окуп, педагогика илимдеринин кандидаты (1982-ж), өлкөбүздүн билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү аймагына жуурулуштуруу маселелерин изилдеп илимдин доктору илимий даржасына ээ болгон (Алматы, 1998-ж.). Советтик армиянын катарында 1979-1981 жылдары кызмат өтөгөн. Доцент наамын 1984-жылы, профессор наамын 1992-жылы алган.

Педагогикалык ишмердүүлүктү физкультура институтунда дене тарбия жана спорт теориясы сабактарынан мугалим болуп баштаган. Кийинчерээк ага мугалим, доцент, профессор, декандын орун басары кызматтарын аркалаган (1981-1988-жж). 1988-жылдан баштап жетекчилик кызматка тартылып, алгач окуу жайдын биринчи проректору (1988-1992-жж), кийинчерээк ректорлугуна эки ирет шайланып, 13 жыл институтту жетектеген (1992-2005-жж.). Март революциясынан кийин Алматыдагы физкультура институтунда сабак берип, андан соң Чүй университетине ректорлук, Билим берүү жана илим министрлигинде адистик билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматтарына чакырылган. 2007-жылдын ноябрь айында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти болуп дайындалган жана академияны 11 жыл жетектеген.

Илимий кызматкер катары 200 дөн ашык эмгек жазып, 3 монография, 3 окуу китебин жана илимий-полулярдуу эмгектерди орус, кыргыз тилдеринде жарыялаган. “Спорт теориясы” окуу куралы казак тилине которулган. Саламаттыкты сактоо, физкультура жана спорт жаатындагы тармактык  энциклопедияларды даярдаган. А. Мамытовдун жетекчилиги менен педагогика илимдеринин 3 доктору жана 6 кандидаты диссертациялык жумуштарын ийгиликтүү коргогон. Педагогика адистиги боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы болуп эки мөөнөт (2016-2020-жж) иштеген. 2000-жылдан тартып Алматыдагы педагогика илимдеринин доктору, 2015-жылдан бери PhD доктору даражасын ыйгаруучу диссертациялык кеңештин мүчөсү. Жогорку аттестациялык комиссиянын мүчөсү (1998-2020-жж), педагогика адистиги боюнча эксперттик комиссиянын жетекчиси болгон (2016-ж). Казахстандын педагогика илимдеринин академиясына (2012-ж), Санкт-Петербург шаарындагы илимдердин жана искусствонун Петров академиясына чет өлкөлүк мүчө-корреспонденти (2003-ж.), КМШ өлкөлөрүнүн эки жогорку окуу жайына ардактуу профессор болуп шайланган. Бир катар ири илимий конференцияларда (Атланта, Сан-Хуан, Найроби, Варшава, Москва, Санкт-Петербург, Астана, Кахраманмараш ж.б.) илимий баяндамаларды жасаган.

Билим берүүнүн мыйзамдык жана укуктук-ченемдик базасын иштеп чыгууга салым кошкон адис катары таанымал. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы “Билим берүү” мыйзамын легендарлуу парламенттин жыйынына алып чыгып ийгиликтүү коргогон (1992-ж.). Учурда колдонулуп жаткан билим берүү мыйзамын иштеп чыгууга жана коргоого катышкан (2003-ж.). Жогорку адистик билим берүүнүн экинчи муундагы стандарттарын  (2004-2005-жж) жана мектеп билиминдеги жаңы муундагы предметтик стандарттарын (2015-2016) иштеп чыгууга жетекчилик кылган. КМШ өлкөлөрүнүн Гуманитардык кызматташуу фондунун экспертинин милдетин аткарым, билим берүү тармагынын “Бирдиктүү терминдик сөздүгүн” иштеп чыгууга, аналитикалык баяндамаларды даярдоого (2010-2012-жж.) активдүү катышкан.

КР Билим берүү жана илим министринин буйругу менен КР билим берүү жана илим министринин кеңешчиси кызматына бекитилди.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер