МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ҮЧ АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ
- 12.09.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады.
Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгилениши керек.
Мындан сырткары билим берүү уюмдарынын жетекчилери мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата ички иш-чаралар планын түзүп, аткарышы керек.
Аталган иш-чаранын жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 12-декабрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлөт.
Комментарийлер