МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ: ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ ЧАГЫЛДЫРЫШЫ КЕРЕК

  • 10.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана министрликке караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси уюштурган эки күндүк тегерек столдун алкагында кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмундук негиздери талкууланды.МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ: ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ ЧАГЫЛДЫРЫШЫ КЕРЕКИш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышып, билим берүү мазмунун жаңылоодо мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды бекемдөө, тарыхый эс тутумду сактоо жана жаш муундун мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары экенин өзгөчө белгиледи.

Тегерек столдун жүрүшүндө 12 жылдык жалпы билим берүү моделине ылайык, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуунун мазмундук жана идеологиялык негиздерине басым жасалды. Катышуучулар кыргыз тили, география жана тарых предметтеринин мазмунун өркүндөтүү, окуу материалдарынын илимий негиздүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүккө негизделген окутууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды карап чыгышты.МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ: ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ ЧАГЫЛДЫРЫШЫ КЕРЕКЖыйынтыгында жаңы окуу китептеринин мазмуну өлкөнүн билим берүү саясатынын артыкчылыктуу багыттарына, улуттук кызыкчылыктарга жана замандын талаптарына толук шайкеш келүүгө тийиш экендиги айтылды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер