Мамлекеттик катчы Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «ТОО КОЙНУ – БИЗДИН БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ!»
- 27.10.2023
- 0
Аскасы асман мелжиген аскар тоолор, ак кар, көк муз баскан мөңгүлөр, агымы күч кашка суу – Кыргызстандын эң башкы табигый байлыгы. Бир караганда, экологиялык жактан кабатырланууга анчалык негиз жоктой туюлушу да мүмкүн. Бирок жыл өткөн сайын экологиялык акыбал улам оорлошуп баратканын эч ким деле тана албас. Акыркы жылдары мына ушуларга түздөн-түз катышы бар табигый кырсыктардын арбып баратканы жаратылыш беренеси бизден өтө аяр жана кылдат мамилени талап кыларын көрсөттү. Өзүнүн жаратылыш байлыктарына камкор жана сарамжалдуу мамиле жасай албаган элдин жашоосу жармач, келечеги бүдөмүк болору бышык.
Суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдү сактап, сууну сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгын эстен чыгарбашыбыз керек.
Борбор Азиянын дал толтосунда жайгашкан Кыргызстан – климаты кескин континенталдуу тоолуу өлкө. Жылына 247 ачык күн тиет. Кыргызстандын жалпы аянты 198,5 миң чарчы чакырымды түзсө, төрттөн үч бөлүгү, тагыраак айтканда, 75 пайызы бийик тоолуу аймакка кирет. Түзөңдө жайгашкан аймактардын күндөлүк жашоосу деле ошол тоо тутумундагы абалга тыгыз байланган.
Ала-Тоо, Теңир-Тоо, Какшаал, Памир, Алай, Чаткал сындуу ондогон тоо кыркаларынын 4,2 пайызын мөңгү ээлейт. Мындайча айтканда, өлкөдө жалпы аянты 8047,8 чарчы чакырым келген 6582 мөңгү катталган. Ал Борбордук Азия мөңгү корунун 45 пайызына тете. Андан тышкары, Кыргызстанда 2 миңге жакын көл бар. Тоо мөңгүлөрүнөн башат алган Нарын, Чүй, Талас, Көкө-Мерен, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Жазы, Сары-Жаз, Ак-Шыйрак, Каркыра сыяктуу ондогон ири дарыялар агат.
Бирок Кыргызстан азырынча ошол суу байлыгынын баа жеткис мүмкүнчүлүгүнүн 10 пайызын гана пайдаланат. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү нерсе.
Айрыкча жашоого керектелүүчү суунун кору болгон мөңгүлөрдүн ээрүү ылдамдыгынын тездеши жалпы адам баласын өзгөчө кооптондурууда. Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын мөңгүлөрү соңку 50 жыл аралыгында 20 пайызга азайган. Окумуштуулар келерки 20 жылдын ичинде мөңгүнүн 35 пайызынан айрыла турганыбызды астыртадан каңкуулай башташты.
Ошондуктан суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдү сактап, сууну сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Кыскасы, таптакыр кеч болуп кала электе, жандуу жаратылышыбыздын абалына жакшылап көңүл буруу зарыл.
Кай жагыңа караба, абал өтө оордошуп турат: экологиялык чөйрө тутуму бузулду, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү сейректеп барат, суу башаты солгундап жатат. Акыркы жарым кылым аралыгында кыргыз мөңгүлөрүнүн көлөмүнүн кескин азайышы өлкөбүздүн социалдык-экономикалык турмушуна түздөн-түз өз таасирин тийгизери бышык.
Ал эми курулушу жаңы башталган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин жылына 5 млрд кВт/саат электр кубатын өндүрүүдөн сырткары, 4,65 млрд кубометр суу топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Анын жалпы кубаты айтылуу “Токтогул” ГЭСинен да кыйла жогору.
Ачыгын айтыш керек, буга чейин Нарын дарыясынын төмөнкү агымында жашаган кошуна мамлекеттер ар кандай шылтоолор менен “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна каршы болуп келишкен. Ошого карабастан, мындай алгылыктуу аракеттер Борбор Азия кан тамыры – Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында жашаган коңшу өлкөлөр үчүн да кыйла пайдалуу болору шексиз. Ошол сууну пайдаланган коңшулар сууну топтоо, сактоо, күтүү иштеринде кол кабыш кыларына ишенимибиз зор.
Кыргызстандын экономикалык тармактарында экологиялык жана климаттык өзгөрүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштиктүү чараларды көрүү аракеттери Улуттук өнүктүрүү программасында кеңири камтылган. Жандуу жаратылыш беренелери жалпы адам баласынын, анын ичинде кыргыз журтунун келечеги үчүн өтө маанилүү болгондуктан, коопсуздук маселелери өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын таралуусун 15,97 пайызга кыскартуу жана аны эл аралык колдоо аркылуу 43,62 пайызга чейин жеткирүү милдетин алган. Ушу тапта аны жүзөгө ашыруунун жол картасы иштелип чыгууда.
Бийик тоолуу аймактардагы климаттын кескин өзгөрүүсүнө, табигый жаратылыш кырсыктарына, тоо сууларынын абалына арналган эл аралык иш-чаралардын ырааттуу өтүп келатканы да бекеринен эмес. Тоо, мөңгү, суу, токой – бири-бири менен тыгыз байланышкан бирдиктүү экологиялык тутум. Анын артында миллиондогон адамдардын өмүрү менен келечек тагдыры, жан-жаныбарлар менен жандуу жаратылыштын тиричилиги турат.
Кыргызстан жогорку сейсмикалык тилкеде жайгашканын жана климатыбыз кескин өзгөрүп турарын, ошондон улам жаратылыш кырсыктары байма-бай болорун эстен чыгарбашыбыз керек. Сел, көчкү, жер титирөө, өрт кырсыктарын болтурбоо чараларын көрүү зарыл. Алардын кесепетин жойгонго караганда, алдын алуу кыйла жеңил болорун турмуш өзү көрсөттү.
Андан тышкары, акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстандын аймагында совет доорунан калган 92 уулуу жана радиоактивдүү заттардын калдыктарын сактоочу жай бар. Алардын жалпы көлөмү 12 млн кубометрди түзөт. Ушу тапта БУУ Өнүктүрүү программасынын “Табигый тобокелчиликти башкаруу” долбоору, Атом кубаты боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) сындуу эл аралык уюмдар менен бирге бир топ иш-чаралар аткарылды, бирок, жетишсиз. Андай алака мындан ары да уланат деген ойдобуз.
Кыргызстан геотектоникалык тактадагы жер жаракалары тарамдашып кеткен жогорку сейсмикалык тилкеде жайгашканын жана климатыбыз кескин өзгөрүп турарын, ошондон улам жаратылыш кырсыктары байма-бай болорун эстен чыгарбай, сел, көчкү, жер титирөө, өрт кырсыктарына алдын алуу чараларын көрүү керек. Алардын кесепетин жойгонго караганда, табият кырсыктарынын алдын алуу кыйла жеңил экендигин турмуш өзү далилдеди.
Алсак, алдыда Майлы-Суу, Ак-Түз, Орловка, Миң-Куш, Кажы-Сайдагы уулуу зат калдыктары көмүлгөн жайларды рекультивациялоо иштерин жүргүзүп, ал аймактардагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, баш аламан кыйылып жаткан, жылдан-жылга суюлуп бараткан токойлуу, бадалдуу, бетегелүү беттерди, бузулган жер кыртышын калыбына келтирүү, жандуу жаратылыштын абалына көзөмөлдү күчөтүү, ар кандай табигый өзгөрүүлөргө байкоо жана иликтөө иштерин жүргүзүү милдети турат.
Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жана алардын сейрек түрлөрүнүн сакталуусу айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна байланыштуу экенин да унутта калтырбашыбыз керек. Алар дагы – жаратылыш чүрпөсү – баа жеткис байлыгыбыз. Азыр алардын абалы да бизди абдан кабатыр кылып турган чагы. Албетте, суу маселесине келгенде, биз аны байырлаган жан-жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тагдырына да кайдигер болбошубуз абзел.
Ушу тапта уруксат берилгенден сырткары мергенчилик кылуу фактылары да жок эмес. Алтургай, айрым аймактарда токойчулар үчүн браконьердик жана токойдун эсебинен жан багуу кадыресе эле кесипке айланып калды десек да болот. Мунун баары мыйзам базасынын начарлыгынан улам болуп жатканын моюнга алыш керек. Ал эми катталган фактылар менен салынган айыптардын өз ара катышына азырынча ишенүү кыйын. Егерлер менен токойчуларга чектелген жарыбаган маяна эмне кылсаң ошо кыл, өз жаныңды эптеп бак дегендей эле таасир калтырары талашсыз.
Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен быйыл “Жашыл мурас” долбоору ишке киргизилип, анын алкагында 1130 гектар тоо аянтына 13 млн көчөт тигүү пландаштырылууда. Ошондой эле, мурда тигилген көчөттөрдү коруу, багуу, сугаруу, мите курттардан арылтуу чаралары да көз жаздымда калбайт деген ойдобуз.
Бул багытта Токой чарба агенттигинин бюджетинде 98 млн сомго жакын каражат каралган. Албетте, бул каражат азырынча жетишсиз. Ошентсе да, анын алкагында 1130 гектар тоо аянтына 13 млн көчөт тигүү пландаштырылууда. Ошондой эле, мурда тигилген көчөттөрдү коруу, багуу, сугаруу, мите курттардан арылтуу чаралары да иштиктүү жүргүзүлөрүнө ишеним зор.
Бүтүндөй Борбор Азиянын башкы таянычы болуп турган өлкөнүн экологиялык тутумун калыбына келтирүү менен бирге, эл аралык каржы уюмдары менен Кыргызстандын тышкы карыздарынын бир бөлүгүнөн экологиялык чыгымдарга алмаштыруу аркылуу кутулуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мезгил жетти. Мындай келечектүү чаралар эл аралык тажрыйбада мурдатан эле кеңири колдонулуп келгендигин эске алганда бул ыкманын аткарыларына күмөн жок.
Биз тоолуу өлкөдө жашап, тоолук болуп калганыбыз үчүн ар дайым сыймыктанабыз. Бирок глобалдуу климаттык өзгөрүү маалында, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кайра куруулардын өткөөл кезеңинде тоонун да тоодой түйшүгү бар экенин унутпасак. Табигый кырсык капсалаңы улам арбып, шаштыбызды алып турганы турган. Азыртан алдын алуу чаралары көрүлбөсө, эртең өтө кеч болуп каларын эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени тоо койнунда жандуу жаратылыш менен жармакташ жалгашып жашоонун башкы маңызы экологиялык кырдаалды турукташтыруу жана аны келечек муундар үчүн сактоо болуп саналат.
Комментарийлер