Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган илимий-конференция

  • 24.05.2024
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессор Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган «Биоартүрдүүлүк: изилдөөнүн натыйжалары, көйгөйлөрү жана перспективалары” аталышында III эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өттү.

Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган илимий-конференция

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, КРнын УИАнын академиги Алтай Бөрүбаев, профессор Эсенбек Мамбетакунов, коомдук ишмер Роза Айтматова,  коомдук-саясий ишмер Ишенгүл Болжурова, КР нын Эл артисти Келдибек Ниязов, оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана башка белгилүү инсандар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Маматкан Чоровдун илимий эмгектеринин көргөзмөсү жана илимий ишмердүүлүгү жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү.

Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган илимий-конференция

Конференциянын алкагында КРнын УИАнын мүчө-корр., п.и.д.,  профессор Эсенбек Мамбетакунов “Адамдын жан дүйнөсү жана табияттын туруктуу тең салмакта болуусунун этнопсиходидактикасы”,  КРнын УИАнын мүчө-корр., профессор, биология илимдеринин доктору Кайыркул Шалпыков  “Кыргызстандын дары ɵсүмдүктɵрү – фармацевтиканын ɵнүгүүсүнүн башаты” жана М.К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин табигый илимдер институтунун директору, биология илимдеринин кандидаты, профессор Василий Колодезников “О планах взаимодействия СВФУ с Институтом естественных наук и туризма КГУ им. И. Арабаева” аталышында  илимий докладдарды жасады.

Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган илимий-конференция

III эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында профессор Маматкан Чоровго  КМУнун ректору Айгүл Абдраева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Эмгек каарманы” төш белгисин тапшырды. КРнын Билим берүүсүнө сиңирген өзгөчө салымы үчүн Маматкан Чоров “Педагогиканын каарманы” төш белгиси менен сыйланды.   Ошондой эле, Баткен мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Аны БатМУнун Илим жана уюштуруу иштери боюнча проректору Абиба Саматова тапшырды.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер