МАЛАЙЗИЯНЫН УНИВЕРСИТЕТИНДЕ БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН СТИПЕНДИЯ
- 22.05.2024
- 0
Маалыматтык технологиялар жана инженерия сыяктуу багыттар боюнча жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Малайзиянын Universiti Teknologi PETRONAS университетине магистратура же докторантурада (PhD) окуу үчүн өтүнмө бере алышат.
Бул мүмкүнчүлүк 2024-жылдын 15-16-майында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуунун натыйжасы.
Кыргыз Республикасынын жарандарына магистр же PhD даражаларын алуу үчүн 60 стипендия берилет.
Тандоого катышуу үчүн 2024-жылдын 26-майы саат 17:00го (Малайзия убактысы боюнча) чейин https://tinyurl.com/43f65598 шилтемеси боюнча катталуу зарыл.
Университеттин сайты — https://www.utp.edu.my
Бөлүшүү
Комментарийлер