МАКСАТ АЙЫЛЫНДА МЕКТЕП КАЙРА АЧЫЛДЫ

  • 19.09.2019
  • 0

Лейлек районунун Максат айылындагы орто мектепте окуу процесси 19-сентябрда кайрадан башталды. Мындагы 196 окуучунун 50сү бүгүнкү сабакка катышты. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү А.Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси бүгүн жанданды. Бул мектепке 16-сентябрда Кулунду айылынын тургундары жайгаштырылган болчу. Билим уясында жалпы 305 окуучу бар.

Белгилей кетсек, 18-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунунда дарыланып жаткан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбектен кабар алган.

Министр жабырлануучулардын ал абалын сурап, тезирээк айыгып кетишин каалады. Ошондой эле ал  жаракат алгандарга каржылык колдоо көрсөттү.

Билим берүү жана  илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер