МАДАНИЯТ МИНИСТРИ М. АБДРАЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНДА
- 02.09.2025
- 0
Билим күнү менен Маданият маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатына барып окуучуларды, мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.

“Ар бир жаңы окуу жылы – бул жаңы барак, жаңы үмүттөр жана жаңы бийиктиктерди багындыруу мүмкүнчүлүгү” — деп министр өз сөзүндө айтты.
Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернат – кыргыз маданиятынын жана музыкалык билим берүүнүн чыныгы очогу, өлкөдөгү жападан жалгыз атайын музыкалык мектеп интернаты. Бул жерде улуттук искусствобуздун наркы сакталат жана жаңы муундардын таланты ачылат. Ар бир бүтүрүүчүбүз – Кыргызстандын маданий элчиси, дүйнөгө жол тарткан жаш кыялы бар музыкант.
Ошондой эле, Мирбек Мамбеталиев: “Өткөн окуу жылы сиздер үчүн өзгөчө жыл болду. Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасына ылайык, интернатыбыздын жатаканасы толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, жаңы жатакана курулуп, балдарыбыз үчүн ыңгайлуу жатакана жана заманбап шарттар түзүлдү. Жакынкы күндөрү мектептин жаңы концерттик залы куруу пландалууда. Мындай шарттар балдардын ден соолугуна, ыңгайлуулугуна жана чыгармачылыктын эркин өнүгүшүнө кызмат кылат” — деп билдирди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер