ӨЛКӨНҮ БИЛИМ ГАНА ӨЗГӨРТӨ АЛАТ
- 15.09.2023
- 0
Билим берүү жана илим тармагын аз да болсо алты ай жетектедим. Кыргызстандын жети млн ашык калкы бар болсо, ошонун дээрлик тең жарымын камтыган тармак болуп саналат. Ушундай чоң стратегиялык мааниге ээ болгон тармакты жетектөөгө ишенич берген биздин Президент, Парламент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына, жалпы эле ушу билим берүү тармагынын кызматкерлерине, коомчулукка ыраазычылык билдирип кетким келет.
25 жашымда КМШ алкагында эң жаш пресс-катчы, 30 жашымда Жогорку Кеңеште эң жаш депутат болгом. Демек, министрлик кызматка келүү, мен үчүн эң зор карьера эмес, эң жоопкерчиликтүү ишеним эле. Кызматты аркалаган учурда Кыргызстандын жети дубанын кыдырып, ар бир райондун билим берүү тармагындагы көйгөйлөрүн жерине барып таанышып, чечүүгө аракетимди жумшадым. Дээрлик бардык мектептердин, лицей, колледждердин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен кездешүүгө үлгүрдүк. Санап көрсөм менин региондордогу билим сапарым 6000 чакырымдан ашыптыр. Ар бир университетте атайын лекция менен чыгып сүйлөөгө туура келди.
Мамлекеттик кызматта ондогон жылдар иштесем дагы билим берүүнүн мамлекеттин, коомдун өнүгүшү үчүн өзгөчө маанилүүлүгүнүн, тереңдигин ушул кызматка келип, көрүп ынандым. Жүрөгүм менен сездим. Албетте, алдыга койгон опол тоодой максаттар, пландар, багыттар бар эле. Тилекке каршы, ал максаттардын баарын жүзөгө ашыра алган жокмун. Көйгөйлөр көп, бирок азыноолак жылыштар да жок эмес. Бирок колумдан келген аракетти Билим берүү жана илим министрлигинин чакан болсо дагы, кесипкөй командасы менен биргеликте жасадык. Аз да болсо ушул кыска убакытта мамлекет, өкмөт башчы жана Парламент, билим коомчулугу жана командабыз менен биргеликте жетишкен саамалыктар менен бөлүшө кетүүнү туура көрдүм. Алар:
— “Билим берүү жөнүндө” жана “Илим жөнүндө” жаңы мыйзамдар кабыл алынды;
— “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке ашырылып, үй тибиндеги бала бакчалар 5000ден ашык балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүп баштады;
— Бала бакчалар өткөн окуу жылына салыштырмалуу 122ге көбөйдү;
— Мектепке чейинки билим берүү менен камтуунун көрсөткүчү 26,2 %ды түзүп, бул былтыркыга салыштырмалуу 2,3%га көп болду (23,9%) (келечекте жыл сайын 10 пайызга көбөйтүү керек);
— Сентябрь айынан баштап мектептин директорлорунун, окуу жана тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларынын айлык акылары 50% жогорулады;
— Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоордук кубаттуулугу 1224 орунга эсептелген, жалпысы 11 000ден ашуун окуучу билим ала турган тогуз кыргыз-орус мектептери курулат. Алардын үчөөсүнүн курулуштары башталды. “Маариф” мекемеси менен да региондорго мектеп салуу талкууланууда;
— Биздин эл аралык өнөктөштөрдүн, мамлекеттик органдардын жардамы менен жалпысы 28 000ден ашык компьютер, ноутбуктар мектептерге берилди;
— Быйылтан баштап Президенттин Жарлыгына ылайык, жыл сайын өтүүчү «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» аттуу республикалык конкурстар уюштурулуп, жакында байгелер ээсин табат;
— Мугалимдер аттестациядан өткөрүлүп, 2024-жылдын 1-январынан баштап категорияга жараша алардын айлык акылары жогорулоо алдында турат;
— Быйыл биз 2359 мектеп жетекчилерин окутуудан өткөрдүк, 41 000 мугалим кайра даярдоодон өттү. Ошондой эле республикалык бюджеттен эч каражат албай, 116 мектеп директору Татарстанда, 1000 англис тил мугалими дагы окуудан өтүштү;
— Биринчи жолу PISAга даярдоодо 200 мектептин 4-8-класстын 7800 окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун баалоо жүргүзүлдү. 5-6-7-класстын 6500 окуучуларынын санариптик жөндөмдөрү бааланды;
— 55 нарк мектеби түзүлдү. Республиканын ар бир мектебине жайгаштырыла турган “Мугалим, окуучу, ата-эне”, “Нарк” кодекстери иштелип чыкты. Ошондой эле мектептерге республикалык бюджеттен 67,2 млн сомго эмеректер алынып берилет;
— “Ата-эне” мектеби 1-сентябрдан тарта киргизилди;
— Мугалим болом деген бүтүрүүчүлөрдүн саны бир кыйла өсүп, кадыр-баркы жогорулап жатат. Мисалы: 2020-жылы 3000 мугалим жетишпесе, быйыл бул көрсөткүч 300-350 түштү. Быйыл ЖОЖдордо педагогикалык кесипке 6 415 абитуриент тапшырып, 4 366 өттү, педколледждерге 14 269 тапшырып 11 614 өттү;
— Быйыл жалпы республикалык тесттин орточо көрсөткүчү 2022-жылга салыштырмалуу 2,1 баллга жогорулады, башкача айтканда, 119,8 баллдан 121,9 баллга өстү. 110 баллдан көп балл алгандар 16 пайызга көбөйдү;
— Өткөн жылы Алтын тамганы 80 окуучу тастыктаган болсо, быйыл 168 окуучу тастыктады;
— 2023-жылы 324 млн сомго 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп (2022-жылы 123 миң китеп басылган);
(Окуу китептерин чыгаруу боюнча, “Учкун” ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишим так жана өз мөөнөтү менен аткарылууда). Бир мыкты окуу китебин жазып даярдап, апробациядан өткөрүп, жарыкка чыгаруу үчүн кеминде үч жыл кетет;
— Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Акылман» Президенттик лицейи ачылып, биринчи 75 окуучуну кабыл алды. “Акылман” сыяктуу лицейлерди келечекте ар бир облуста ачуу боюнча сунушту Өкмөт башчысы А.Жапаров колдоду;
— Президенттик IT лицейи түзүлдү;
— Кесиптик лицейлер үч жылдан эки жылга кыскарды;
— Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору түзүлдү;
— Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мыйзамга кол коюлуп, окуу жайлар анын ичинде кесиптик лицейлер окуу-өндүрүштүк ишмердүүлүктөн каражаттарды табууга жана аны окуу жайдын базасын жакшыртууга шарттар түзүлдү. Ар бир лицей боюнча жумшоого жылына 500 миң сомдон 20 миллион сом киреше табуу боюнча тапшырмалар коюлду:
— Германияга жумушка жиберүү үчүн тракт айдаган айдоочу, автослесарь жана башка керектүү адистиктерди даярдаган кыска мөөнөттүү (10 айлык) курстарды уюштуруп, пилоттук негизде окуучулар даярдалып баштады (Тил жагын алар өздөрү үйрөтүп алышат экен);
— Ысык-Көл, Нарын жана Баткен мамлекеттик университеттеринин базасында медициналык факультеттер ачылды;
— 2023-2024-окуу жылында Президенттик «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына суроо талаптар күч алып, жыйынтыгы боюнча 63 студенттин ичинен 13 студент тандалып алынды. Алар Австралия, АКШ, Улуу Британия, Сингапур, Түштүк Кореядагы алдыңкы университеттерде билим алышат. Ошондой эле былтыркы тапшырган төрт студент дагы окууларын чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайларда улантышат;
— Быйыл Россияда бюджеттик негизде билим ала турган студенттердин саны 700дөн 1000ге көбөйдү;
— Өлкө боюнча 14 университеттен турган консорциум түзүлүп, дүйнөлүк абройлуу илимий шилтемелер базасына кирген Scopus жана Web of Science системаларына жазылуудан өттү. Skonnus менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду;
— «Кыргыз-Түрк Манас» университети дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 900 окуу жайдын катарына кирди;
— Илимий даражалар үчүн бөлүнүүчү каражат 50 пайызга жогорулады. Академиктер 1500, мүчө-корреспонденттер 7500 сом стипендия алышат;
— Ош мамлекеттик университеттин базасында Москва мамлекеттик университеттин борбору ачылды. Каракол шаарында дагы Москва мамлекеттик университеттин филиалын ачуу иштери жүргүзүлүүдө;
— Мурун эки ЖОЖдун гана бюджети миллиард сомдон ашса, быйыл мындай университеттердин саны бешке жетти;
— 2023-жылга илимдин артыкчылыктуу багыттарын каржылоого 300 млн сом каралды;
— «Илимпоз» илимий сыйлыгын негиздөө боюнча сунуштар берилип, ийгилик жараткан окумуштууларга 250 000 — 1 млн сомго чейин сыйлык берүү каралууда;
— Жаңы мыйзамга ылайык “Илим” фондун түзүү, илимий ишмердүүлүктөрдү каржылоо үчүн ички дүң продукциянын 1 пайыздан кем эмесин бөлүү каралды. 2030-жылга карата ИДПнын 1%дан кем эмеси бөлүнсө, анын жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сомго жакын каражат болот;
— Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында PhDны окумуштуулук даража катары өз ара таануу боюнча келишимге кол коюлду. Андан сырткары, Академиктерибизге төлөнүүчү стипендия 15 000 сом, ал эми мүчө-корреспонденттерибизге 7500 сом болуп көтөрүлдү;
— Талас облусуна Ага-Хан фондусунун билим берүү программасын киргизүү макулдашылды;
— Министрликтин алдында Санариптик билим берүү борбору түзүлдү;
— Билим берүү тармагына KOICA (Korea International Copperation Agency) тарабынан 10 млн АКШ доллары жана БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан 2 млн АКШ доллары, жалпысынан 12 млн АКШ доллары бөлүнүп берилери каралууда;
— Билим берүүнү колдоо максатында Глобалдык өнөктөштүк фонду (ГПЦО) келечекте Кыргызстанга 75 млн АКШ доллар грант жана кредитти карап жатат;
— Азия өнүктүрүү банкы тарабынан дагы мектептик билим берүүнү бекемдөө максатында 40 млн АКШ доллар грант жана жеңилдетилген кредит берип жатат;
— Билим берүү тармагын ар дайым колдоп келген БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ЮСАИД, Дүйнөлүк Банк, Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Германия эл аралык кызматташтык коому, Ага Хан фонду, Мерси корпс , Россотрудничество, БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ОБСЕ, JICA, КOICA, Тынчтык корпусу, ЮНЕСКО, Ислам өнүктүрүү банкы, Глобалдык фонд, Алабуга мекемесине, Сапат, Билимкана, Креатив таалим жана башка жеке мектептерге, биздин эл аралык өнөктөштөрүбүзгө да ыраазычылык билдирип кетким келет;
— Келечекте “Мozaik” сыяктуу санарип билим платформасына өтүү озуйпасы турат. Ал үчүн донорлор колдоого алып жатышат. “Кыргыз эл мугалими” ардактуу наамын кайтарып келсек жакшы болмок;
— Мугалимдер үчүн атайын жыл бою иштей турган пансионат курууну мамлекет башчысы Иш башкармалыгына тапшырган;
— Бишкек шаарында мугалимдер үчүн ипотекалык каржылоо менен үй салуу үчүн жер маселеси чечилип, Өкмөткө сунуш менен кайрылып жатканбыз;
— Сауд Аравиясы тарабынан дагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө каражат бөлүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө;
— Район, шаар, областтарда методикалык борборлорду оптималдаштыруу озуйпасы турат. Атайын министрликтин астында англис тил борборун түзүп, жаңы методика менен окутуу максатына жетишүү абзел;
— Үч мекемени (№18, темир жол лицейин жана “Алтын Түйүн” борборун) бир жылда техникалык колледжге айлантуу маселеси турат;
— Келечекте ОшМУ миң университеттин тизмесине кирет деген үмүт бар. Ошондой эле министрликтин астында эл аралык олимпиадага даярдоо борбору түзүлмөкчү. Ар бир облуста жана Ош, Бишкек шаарында өзгөчө айырмаланган окуучулар үчүн атайын лицей ачуу боюнча токтом долбоору даярдалып жаткан.
Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим эмеспи. Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да – Мугалим. Мугалим азиске – көз, дүлөйгө – кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аруулай турган бирден бир күч! Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп уруп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы карапайым мугалимдерге таазим этүү менен ыраазычылык билдирем. Быйыл эки мугалимге Эмгек Баатыры берилет деген убадасын мамлекет башчысы ишке ашырат деген ишеничтемин.
2024-жылы Кыргыз билим берүүсүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Ага утурлай “Билим берүү бардыгы үчүн – ар бир адамга бирдей мүмкүнчүлүк” аттуу “Мектеп -2030” глобалдык форуму Бишкек шаарында өтө тургандыгы жагымдуу жаңылык, жоопкерчиликтүү окуя. Бул ири масштабдагы эл аралык иш-чараны татыктуу өткөрүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, чыгармачылык жана кесиптик ийгиликтерди каалайм! Сиздер менен жарык жүз, жакшы маанайда кезигүүнү Жараткан насип этсин.
Ушул күндөрү карт Бакайдай болуп кашымда болгон кыргыз билим берүүсүнүн аксакалдары Миталип Мамытов, Бектур Исаков, Гапыр Мадаминов, Орозали Сейдилканов, Өмүрзак Мамаюсупов, Мурат Жетимишбаев өңдүү чыныгы педагогдорго алкыш айтам.
Ар бир мугалим кылымга тете билим берип, кылым карыта жашаса деген терең үмүттөмүн.
Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер, саясат таануу илимдеринин доктору
Комментарийлер