ӨЛКӨ БОЮНЧА 50 КИТЕПКАНАНЫН БАЗАСЫНДА БАЛАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ АЧЫЛАТ

  • 23.12.2020
  • 0

Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. 

Аталган чечим мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк шарттарын кеңейтүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Аталган өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер