Өлкө боюнча 2023-жылдын аягына чейин канча мектеп пайдаланууга берилет?

  • 10.08.2023
  • 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкө боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилерин айтты.

Анын айтымына караганда, быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 204 мектептин курулушу башталган.

2023-жылдын аягына чейин бүтө турган 100 мектеп:

Чүй облусу — 12 мектеп;
Баткен облусу — 10 мектеп;
Жалал-Абад облусу — 20 мектеп;
Ысык-Көл облусу — 12 мектеп;
Нарын облусу — 8 мектеп;
Ош облусу — 30 мектеп;
Талас облусу — 8 мектеп.

2023-жылдын 1-сентябрына 36 мектеп колдонууга берилет:

Чүй облусу — 7 мектеп;
Баткен облусу — 5 мектеп;
Жалал-Абад облусу — 11 мектеп;
Ысык-Көл облусу — 4 мектеп;
Нарын облусу — 2 мектеп;
Ош облусу — 5 мектеп;
Талас облусу — 2 мектеп.

Ал эми сентябрь айынан тартып жылдын аягына чейин калган 64 мектептин курулушу бүткөрүлөтАлар:

Чүй облусу — 5 мектеп;
Баткен облусу — 5 мектеп;
Жалал-Абад облусу — 9 мектеп;
Ысык-Көл облусу — 8 мектеп;
Нарын облусу — 6 мектеп;
Ош облусу — 25 мектеп.

Орунбеков кошумчалагандай, бул Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштырып айта турган болсок:

2010-жылы 1 мектеп;
2011-жылы 4 мектеп;
2012-жылы 6 мектеп;
2013-жылы 29 мектеп;
2014-жылы 12 мектеп;
2015-жылы 45 мектеп;
2016-жылы 45 мектеп;
2017-жылы 35 мектеп;
2018-жылы 68 мектеп;
2019-жылы 31 мектеп;
2020-жылы 25 мектеп.

Бөлүшүү

Комментарийлер