ЛАТВИЯНЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУ

  • 27.01.2021
  • 0

Латвия менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, Латвия тарабынан 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлүндү.

Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот.

Бул:

  • бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай);
  • илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү;
  • студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтерди жана талапкерлерди кабыл алууну Латвия тарап онлайн система аркылуу жүргүзөт.

Документтер 2021-жылдын 1-февралынан баштап 1-апрелге чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот: www.viaa.gov.lv/scholarships.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер