ЛАХОЛДОГУ МЕКТЕП ОҢДОЛУП ЖАТАТ

  • 25.07.2018
  • 0

Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагына караштуу Лахол айылындагы К.Рысмендеев атындагы орто мектебинин эки имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

ЛАХОЛДОГУ МЕКТЕП ОҢДОЛУП ЖАТАТЛАХОЛДОГУ МЕКТЕП ОҢДОЛУП ЖАТАТ

 

Маалым болгондой, оңдоп-түзөө иштерине үлүштүк гранттан 3 млн. 3300 миң сом каралган. Учурда эки имараттын чатыры жабылып бүткөн. Сырттары жылууланып, терезелери толугу менен жаңыга алмаштырылды.

Имараттын ички жумуштары аяктап калды. Мындан тышкары жылуулук системасы да толук жаңыртылат, — дейт мектеп директору Махабат Асанбек кызы.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер