КЫТАЙДЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН СЫНАККА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

  • 24.11.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн сынакка арыздарды кабыл алуу уланып жатканын эскертет.КЫТАЙДЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН СЫНАККА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

Кыргызстандын жарандары Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүүгө өтүнмөлөрдү бере алат.

Стипендиялык программага катышуунун шарттары жана талаптары Билим берүү жана илим министрлигинин https://edu.gov.kg/announcements/165/ сайтында жайгаштырылган.

Арыз http://student.edu.gov.kg/» онлайн системасында толтурулушу керек.

Бөлүшүү

Комментарийлер